Темиркул Үмөталиев - өмүр баяны

© Sputnik / Табылды КадырбековАкын Темиркул Үмөталиевдин Бишкек шаарындагы айкели. Архив
Акын Темиркул Үмөталиевдин Бишкек шаарындагы айкели. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кыргыз эл акыны Темиркул Үмөталиевдин өмүрү жөнүндө Sputnik таржымалынан тааныша аласыз.

Акын Темиркул Үмөталиев Ош жергесиндеги Жаңы-Жол районунун Киров атындагы колхоздо кедейдин үй-бүлөсүндө 1908-жылы туулган. Революция жеңгендин алгачкы жылдарында, 1918-жылы акындын атасы дүйнөдөн кайтып, кабыргасы ката электе эле жетимчиликтин оор азабына кабылат. Кара курсактын айынан көрүнгөндүн коюн багып, отунун алат. Бийлердин өкүмү менен энесинен ажырап, аны кийинчерээк табат. Тырышчаак жетим Ормотой байдыкында жүргөндө эле анын балдарынын китептерине кызыгып, урунуштуруп окууга көнүгө баштайт. 1925-жылы жетимдерди чогултуп жүргөн адамга жолугуп, Ак-Суудагы балдар үйүнө кабыл алынат. Ушундан баштап малайлыктан түбөлүк кутулат. Балдар үйүндө бир жыл жүргөндөн кийин, зээндүү жигитти Оштогу педагогикалык техникумга жөнөтүшөт. Кийинчерээк Жалал-Абад педагогикалык техникумуна которулуп, 1929-жылы аны бүтүрүп, Ноокат районуна мугалимдик кызматка дайындалат. 

Кыргыз эл акыны, жазуучу жана драматург Кубанычбек Маликов - Sputnik Кыргызстан
Кубанычбек Маликов — өмүр баяны
1923-жылы Темиркул Үмөталиев Фрунзеге келип, облустук комсомол комитетинин аппаратында иштейт да, бир жылдан кийин КПССтин мүчөлүгүнө өтөт.1934-жылы ал Араван МТСине саясий бөлүмдүн начальнигинин комсомолдук иштер боюнча жардамчысы болот. Бул иште акын 1935-жылга чейин иштеп, андан кийин "Кыргызстан пионери", "Ленинчил жаш", "Кызыл Кыргызстан" газеталарында редактор, редактордун орун басары, бөлүм башчылык кызматтарды аткарат.

Темиркул Үмөталиев өзүнүн балалык учурундагы оор күндөрдү, алгачкы билимге умтулган мезгили жөнүндө "Туура тарбия — турмушка жол", "Кылчайып артка карасак", "Өткөн өмүр, баскан жол" деген эскерүүлөрүндө кеңири баяндап кеткен. 

Эмгекчилердин көргөн күнүн, тарткан азабын кыйла ачык көрсөткөн. 1935-1936-жылдары Темиркулдун эки ырлар жыйнагы жарык көрөт. Акын басма сөздөргө жарыяланган алгачкы эле ырларында жаңы замандын эркин эмгегин, жаңылыктарын даңазалоого аракеттенген. 1930-жылдардагы поэзиясында эмгек темасы басымдуу орунду ээледи. "Эпкиндүү" деген ырында ал чыныгы жигитчилик, адамгерчилик сыяктуу адамдык мыкты сапаттар түздөн-түз эмгекке, болгондо да үлгү болоорлук эпкиндүү эмгекке байланыштуу экендигин айтат. Отузунчу жылдардын экинчи жарымында Үмөталиевдин чыгармачылык ишинде акындык чеберчилик жагынан олуттуу бурулуштар башталат. Акындын "Гүлдөр өлкөсү", "Туратпай", "Күч бирдикте", "Суу боюнда", "Алп кара куш", "Токтомуш мерген", "Айсулуу" сыяктуу ырлар жыйнагы, поэмалары, балдарга арналган чыгармалары согушка чейин эле журтчулукка кеңири белгилүү болуп турган.

Улуу Ата Мекендик согуш башталгандан аяктаганга чейин акын калемин таштаган жок. Аягы бүтпөгон "Баатыр" поэмасын алаамат күндөрү бүтүп басмага тапшырган. Согуштагы кыргыз жоокерлеринин эрдиктерин даңазалаган "Үч баатыр жөнүндө ыр", "Болотбек", "Акыркы ок" деген сыяктуу ырларды жана фронттук турмушту ачык чагылдырган лирикаларды жазган. Согуштун катаал күндөрү акындын чыгармачылыгына өчпөс изин калтырган.

Акын акындын дүйнөсүн сактап калганда

Адабиятчы Камбаралы Бобулов "Таланты таңшыган акын" деген макаласында Үмөталиевдин согушта жүргөндө кылган гумандуулук иштеринин бири жөнүндө минтип жазган: "Фашисттик пропаганда жапайы азиялыктар Европанын миң жылдык маданиятын түп-тамырынан жок кылышат деп өзү басып алган элдерди ишендирип келген. Советтик жоокерлер Европаны аралап өткөндө эле бул калп үгүт экенин ошол элдердин маданиятынын көрүнүктүү өкүлдөрү өз көздөрү менен көрүп ишеништи. Буга бир мисал: Темиркул Үмөталиев Венгрияны немецтик фашисттерден бошоткон мезгилде классик акыны Леринц Сабонун үйүнө, бай китепканасына өзү камкордук кылган. Кыргыз акынынын мындай азаматтыгына ыраазы болгон Сабо "Темиркул Үмөталиев" деген ырында: 

…Өйдө кылдың алсыз венгр солдатын
Өлүп кетер кыргын согуш күнүндө,
Ар улуттуу адамдардын ортосун
Бириктирдик, тууган кылдык дилинде.
Сактап калдың сакташ кыйын кезекте,
Үй-бүлөмдү, китептерим топтолук,
Бардыгынан кымбат турган нерсемди,
Адам атым аман калды сакталып.
Сен аркылуу каным калды бир ууртам,
Анан кантип мен өзүңдү унутам…

Кыргыз элинин көрүнүктүү акыны Европада өзү жөнүндө ушундай эң сонун эстелик калтырган". 

Писатель-прозаик, поэт и общественный деятель Салижан Жигитов - Sputnik Кыргызстан
Салижан Жигитов — өмүр баяны
Үмөталиевдин поэзиясы жалаң гана граждандык жана саясий лирикалар менен мүнөздөлбөйт. Акын кыргыз окуучуларына сүйүү, өмүр, турмуш, адамгерчилик, достук темасындагы ырларды тартуулаган лирик катары да белгилүү. Үмөталиевдин граждандык саясий, сүйүү лирикаларынын диапозону 60-70-жылдары дагы кеңейип, мазмундуулугу артты. Муну "Кутманым", "Нарын", "Ыр жүрөгү карыбайт", "Кызыл жар" сыяктуу жыйнактарындагы ырлар ырастай алат.

Пушкин, Маяковский, Янга Купала, Тихонов жана Мирзо Турсин-Заденин чыгармаларын которду. Айрыкча Аяковскийдин "Ленин", "Жакшы" поэмаларын таржымалдоодо акын айрым ийгиликтерге жетише алган. Үмөталиевдин чыгармалары орус, украин, өзбек, казак жана башка СССР элдеринин тилдерине которулган. 

1968-жылы Кыргыз Эл акыны деген наамын алган.

Анын "Тоо гүлдөрү" ыр китеби 1982-жылы Кыргыз Республикасынын Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыгын алууга татыктуу болгон. Мындан сырткары, Ленин, Эмгек Кызыл Туу, "Ардак белгиси" ордендери, "Кавказды когогондугу үчүн", "Будапештти алгандыгы үчүн", "1941-1945-жылдары Улуу Ата Мекендик согушта Германияны жеңгендиги үчүн" медалдары, Кыргыз ССРинин Жогорку Советинин Президиумунун Ардак грамоталары менен сыйланган. 1988-жылы акындын 80 жылдык юбилейи белгиленип, анда Октябрь революциясы ордени менен сыйланган. Акындын ысымы Бишкек шаарынын борбордук көчөлөрүнүн бирине коюлган.

Темиркул Үмөталиев 84 жашында 1992-жылы дүйнөдөн кайткан.

Жаңылыктар түрмөгү
0