Сулайманов Азамат Талапбекович. Өмүр баяны

© Sputnik / Табылды КадырбековПортфель кармаган киши. Архив
Портфель кармаган киши. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Азамат Сулайманов 1969-жылы 5-июлда Фрунзе (Бишкек) шаарында төрөлгөн. Политехникалык институтту аяктаган. 1998-жылы Кыргыз улуттук университетинде "юриспруденция" факультетин аяктап, экинчи жогорку билимге ээ болгон. Бажы кызматынын полковниги.

Эмгек жолу: 

  • 1992 — "Бишкек-Курулуш" ишканасы, слесарь;
  • 1992-1994 — "Долон" ишканасы, экспедитор;
  • 1994-2010 — Бишкек бажысынын, "Северная" темир жол бажысынын, Нарын бажысынын инспектору, ага инспектору, башкы инспектору, Бажы көзөмөлүн уюштуруу башкармалыгы;
  • 2010-2011 — Мамлекеттик бажы кызматынын (МБК) мониторинг жана ыкчам башкаруу бөлүмүнүн башчысы;
  • 2011-жылдын февраль-апрель — МБКнын Башкы башкармалыгынын бажы процедураларын уюштуруу башкармалыгынын башчысы; 
  • 2011-2012 — МБКнын бажы кызматын модернизациялоо боюнча аймактык долбоордун бажы процедуралары боюнча адиси;
  • 2013-2014 — Ош жана түштүк-батыштагы МБКнын жетекчисинин орун басары
  • 2014-2015 — МБКнын бажы иштерин уюштуруу боюнча башкармалыгынын жетекчиси;
  • 2015-2016 — МБКнын жетекчисинин биринчи орун басары;
  • 2016-жылдын 20-апрелинен тарта Мамлекеттик бажы кызматынын жетекчиси

Үй-бүлөлүү, эки баланын атасы.

Жаңылыктар түрмөгү
0