Кулматов Кубанычбек Кеңешевич — өмүр баяны

© Фото / пресс-служба мэрии города БишкекБишкек шаарынын мэри Кубанычбек Кулматов. Архив
Бишкек шаарынын мэри Кубанычбек Кулматов. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кубанычбек Кулматов 1963-жылы 14-февралда туулган. Үч баланын атасы. Полковник аскер чини бар. Тарых илимдеринин кандидаты

Билими:

1980-1982 — Кыргыз мамлекеттик университети, тарых факультетин аяктаган

1982-1986 — А. Жданов атындагы Ленинград мамлекеттик университетинен тарых адистиги боюнча билим алган

2003 — Ишеналы Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик педогогикалык университетинин менеджмент факультетин аяктаган

Эмгек жолу:

25.09.1986-ж. – 25.09.1988-ж. Кыргыз мамлекеттик университети, тарых илимдер кафедрасынын мугалими, изилдөөчү-стажер

15.11.1988-ж. – 10.02.1992-ж. Москва мамлекеттик университети, аспирант

10.02.1992-ж. – 19.09.1995-ж. Бишкек шаары. "Айлатан" фирмасы, директор

20.02.1996-ж. – 12.10.1996-ж. Россиянын Даниядагы соода өкүлчүлүгүндө ага инженер

09.01.2004-ж. – 11.03.2004-ж. Кыргызстандын Финансы министрлигине караштуу Бажы кызматы департаментинин кирешелер комитети, кирешелер башкармалыгынын башчысы

11.03.2004-ж. – 13.05.2005-ж. КРдин Финансы министрлигине караштуу Бажы кызматы департаментинин кирешелер комитети, кирешелер комитетинин директорунун орун басары

13.05.2005-ж. – 18.07.2006-ж. КР өкмөтүнө караштуу мамлекеттик бажы инспекциясынын директорунун орун басары

18.08.2006-ж. – 10.05.2007-ж. КР өкмөтүнө караштуу мамлекеттик бажы инспекциясынын директордун кеңешчиси

10.05.2007-ж. КР Мамлекеттик бажы комитетинин төрагасынын биринчи орун басары

09.04.2010-ж. КР Мамлекеттик бажы комитети, төрага (убактылуу өкмөттүн буйругу менен дайындалган)

16.07.2010-ж. КР Бажы кызматынын төрагасы (КР президентинин буйругу менен дайындалган)

08.07.2013 — КР Президентини кеңешчиси

08.2013 — КР өкмөтүнүн Чүй облусундагы толук ыйгарымдуу өкүлү

01.2014 — 02.2015 — Бишкек шаарынын мэри

2016-2017 — Орус-кыргыз өнүктүрүү фондунун башкаруусунун төрагасы

2017-жылдын сентябрынан декабарга чейин Кыргызстандын Улуттук банкынын төрагасы

11.12.2017 — 14.05.2018 — Мамлекеттик бажы кызматынын башчысы.

Жаңылыктар түрмөгү
0