Каптагаев Эмилбек Саламатович. Өмүр баяны

© Sputnik / Алексей Никольский / Медиабанкка өтүүСтолдогу портфель. Архив
Столдогу портфель. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Эмилбек Каптагаев 1957-жылы 18-июнда Ысык-Көл облусуна караштуу Чок-Тал айылында төрөлгөн. Жогорку билимдүү. Кыргыз Улуттук университетиндеги механика-математикалык факультетин аяктаган.

Эмгек жолу: 

  • 1989-1990 — Кыргызстандын Илимдер академиясындагы комсомолдук жаштар уюмунун жетекчиси;
  • 1991 — Жаштар иши боюнча мамлекеттик комиссиясынын башкы адиси, Кыргызстан КПССнын борбордук комитетинин экинчи катчысынын жардамчысы; 
  • 1991-1992 — Кыргызстандын контракттык комитет бөлүмүнүн жетекчиси; 
  • 1992-1993 — Сатык жана материалдык ресурстар министринин кеңешчиси;
  • 1993-1994 — Өкмөттүн аппаратынын социалдык-саясий анализдөө жана божомолдоо бөлүмүнүн башчысы;
  • 1994-1996 — Кыргызстандын премьер-министринин кеңешчиси; 
  • 1996-1999 — Өкмөткө караштуу дин иштери боюнча Мамлекеттик комиссиянын жетекчиси;
  • 2001 — Ысык-Көл облусунун ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары; 
  • 2002-2004 — Ысык-Көл облусундагы Жети-Өгүз райондук администрациясынын жетекчиси;
  • 2006-2007 — "Ысык-Көлдөгү биосфералык аймак" дирекциясынын башкы директору; 
  • 2008 — Кыргызстан элдик кыймылынын мүчөсү; 
  • 2010-жылдын апрель айы — Убактылуу өкмөттүн аппаратынын жетекчиси, Кыргызстандын президентинин администрациясынын жетекчиси; 
  • 2010-2011 — Кыргызстандын президентинин аппаратынын жетекчиси;
  • 2013-2016 — Өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү болу; 
  • 2019-жылдын 25-ноябрынан тарта Улуттук стратегиялык изилдөөлөр институтунун директору.

Бир нече мамлекеттик сыйлыктардын ээси. Үй-бүлөлүү, үч баласы бар.

Жаңылыктар түрмөгү
0