"Жайшуль-Махди" кыймылы 2010-жылдагы кылмыштары менен эсте калган

Жазылуу
2012-жылы Бишкек шаарынын Биринчи май райондук соту бул кыймылды террористтик уюм деп таап, Кыргызстандын аймагында иш алып баруусуна тыюу салуу жөнүндө чечим чыгарган.

Кээ бир маалыматтарга ылайык, "Жайшуль-Махди" уюму 2010-жылдары түзүлгөн. Ал салафит багытындагы такфир-жихад кыймылы болуп эсептелет. Анын мүчөлөрү  — Саид Бурятскийдин (чыныгы аты Александр Тихомиров – ред.) жолун жолдоп, ишин улантышкандар.

"Жайшуль-Махди" арапчадан которгондо "Адилеттүү башкаруу армиясы" дегенди билдирет.

Түрмөдөн качкандар "Жайшуль-Махди" террордук уюмунун мүчөлөрү болгон
Бул уюмдун мүчөлөрү 2010-жылдагы окуяларга катышканын 2012-жылы УКМКнын отставкадагы генералы Артур Медетбеков билдирген. Алар күч түзүмдөрүнүн куралдарын – тапанча, автоматтарын тартып алган. Кийин террордук уюмдун мүчөлөрүн кармоо боюнча атайын операциянын жыйынтыгында такталгандай, бул уюм алган курал-жарактан 7-апрелде бир киши, өлкөнүн түштүгүндө эки киши каза болгон.

2010-жылы "Жайшуль-Махдинин" 12 мүчөсү Кожомкул атындагы спорт сарайынын жанында жардыруу жасаган деп кармалган. Жардыруудан эки милиция кызматкери жеңил жаракат алышкан.

Кийин уюмдун мүчөлөрү Сокулук районунда Американын жаранына кол салып, ошондой эле Октябрь РИИБдин үч кызматкерин да өлтүрүшүп, Чүй облусунун Арашан айылына барып жашынышкан. Атайын операция учурунда "Альфа" атайын даярдыктагы тобунун бир аскери каза болгон.

2011-жылы 18-июлда Октябрь райондук соту аталган уюмдун үч мүчөсү Бакыт Кенжегуловду, Эдил Абдырахмановду жана Данияр Кадыралиевди өмүрүнүн акырына чейин эркинен ажыратып, калгандарын төрт жылдан 23 жылга чейин кесип жиберген.

Жаңылыктар түрмөгү
0