Шайлообек Дүйшеев — өмүр баяны

© Sputnik / Жоомарт УраимовКыргыз эл акыны Шайлообек Дүйшеев. Архив
Кыргыз эл акыны Шайлообек Дүйшеев. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Шайлообек Дүйшеев 1950-жылы 26-февралда Ат-Башы районунун Ат-Башы айылында төрөлгөн. Билими жогору. 1980-жылы Кыргыз улуттук университетинин филология факультетинин журналистика бөлүмүн аяктаган.

Эмгек жолу:

 

  • 1968–1970 – Советтик аскерлердин катарында кызмат өтөгөн.
  • 1970–1975 – куруучу мекемелерде жумушчу, бетончу, Ат-Башы райондук гезитинде кабарчы.
  • 1980-1983 – Нарын облустук "Нарын правдасы" гезитинде кабарчы, облустук телерадио уктуруу комитетинде редактор.
  • 1983–1990 – Кыргыз Улуттук филармониясында адабий бөлүмдүн башчысы.
  • 1990–1996 –"Ала-Тоо" журналында бөлүмдүн редактору, "Кыргызстан маданияты" гезитинин бөлүм башчысы.
  • 1996-жылдан "Асаба" гезитинде кабарчы, редактордун орун басары, биринчи орун басары, "Агым" гезитинин кызматкери. Учурда "Азаттык" радиосунун Бишкектеги кабарчысы болуп иштеп келет.

 

Сыйлыктары:

III даражадагы "Манас" ордени, Байдылда Сарногоев атындагы эл аралык сыйлык, Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлык; Кыргыз эл акыны

Жаңылыктар түрмөгү
0