Байдылда Сарногоев — өмүр баяны

Жазылуу
Кыргыз эл акыны Байдылда Сарногоевдин өмүрү жөнүндө Sputnik таржымалынан таанышыңыз.

Байдылда Сарногоев 1932–жылы Таластын Кара-Ой деген айылында жарыкка келген. Бирок акындын өмүрлүк жубайы Зина Сарногоеванын эскерүүсүндө, чыныгы туулган жылы 1928-жыл экен. Ата-энесинен эрте ажырап калган балага убагында күбөлүк алып берген киши жок, кийин паспортуна болжол менен эле 1932-жыл деп жазылып калыптыр. 

Ал тургай, акын өзү 50 жаш деген ырында бул жөнүндө минтип жазган:

Метрикам жок, так чыктымбы элүүгө,
Мезгил өтүп калп, чыктымбы элүүгө.

Айтор, билбейм…, атам, энем өлбөсө,
Айтып бермек менин жашым жөнүндө.

Кайсы жылы, кайсы айда төрөлгөм,
— Билбеймин,- дейт, сурап көрсөм жеңемден.

Кайдан билсин, мен оозанып жатканда, 
Он бештеги келин экен кедейген.

Не болсо да, жашсыз адам болобу…
Мен өзүмдү байкап көрүп оболу,
Болжоп туруп коюп алгам датасын,
Же төмөндүр, же кеткендир жогору. 

1951-жылдан тартып Байдылда Сарногоев Кыргызстан жазуучулар союзуна мүчө болгон.

Окуучу китепканада. Архив - Sputnik Кыргызстан
Насирдин Байтемиров — өмүр баяны
Акындын алгачкы ырлар жыйнагы 1952-жылы "Шумкар" деген ат менен жарык көрөт. Ага кирген ырлары автордун өзгөчө талантын ачып көрсөтүп, көпчүлүккө дароо таанымал кылат. 

1956-жылы Москва шаарында М.Горький атындагы Адабият институтун бүтүрүп келгенден кийин "Ала-Тоо" журналынын редакциясында бөлүм башчы, 1959–жылдан баштап Кыргызстан жазуучулар союзунун башкармалыгында адабий кеңешчи болуп иштеген.

Б.Сарногоевдин көптөгөн чыгармалары орус тилине которулуп чыккан. Ал эми 1986-жылы "Ашуудан берген отчетум" аттуу ырлар жыйнагы үчүн Кыргызстан жазуучулар союзунун А.Осмонов атындагы адабий сыйлыгына ээ болгон.

1991-жылы Б.Сарногоевге "Кыргыз Республикасынын эл акыны" ардактуу наамы берилип, ал эми 1996-жылы Казакстан Республикасынын эл аралык "Алтын көпүрө" сыйлыгы ыйгарылып, каза-кыргыз элдеринин салттарын бекемдөөгө кошкон салымы жогору бааланган.

Белгилүү кыргыз жазуучулары Жусуп Турусбеков, Түгөлбай Сыдыкбеков жана Мукай Элебаев (оңдо акыркы) Эркиндик бульварында эс алууда. Фрунзе 1940 - Sputnik Кыргызстан
Мукай Элебаев — өмүр баяны
2000-жылы болсо "Байдылда" аттуу жыйнагы үчүн Кыргыз Республикасынын Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыгын алат.

"Эмгектеги артыкчылыгы үчүн", "Каарман эмгеги үчүн" медалы, I даражадагы "Манас" ордени ж.б. сыйланган.

Байдылда Сарногоев 2004-жылдын 19-ноябрында узакка созулган оорудан кийин дүйнөдөн кайткан.

Чыгармачылыгы жөнүндө

Байдылда Сарногоевдин жөнөкөйлүгү, башкага өйдө карабаган маданияттуулугу, оор басырыктуулугу эл арасына терең сиңип кеткен ырларында эч айрып алууга болбой тургандай чагылганын замандаштары көп эскеришет. "Байдыкем айткандай", "Байдыкемдин сөздөрүнөн" сыяктуу уламалуу кептер бекер айтылбаса керек. 

Мен киммин? Мен бир акын жаман сары, 
Колунда койкоңдогон калам сабы.

Энекем эптеп төрөп койсо керек,
Кыргыздын көбөйсүн деп адам саны. 

жана дагы

Мен болсом жүрөм мен болуп, 
Мекеним — кыргыз эл болуп. 
Бир акындан кем болуп, 
Бир акынга тең болуп, деген акындын саптары чынында анын ары шайыр, ары бой көтөрбөс, өзүнө жөнөкөй караган, башканы басынтпаган адамды мүнөздөйт. 

Эл оозуна алынып калган жана чыгармаларында айкын көрүнгөн дагы бир касиети – Байдылда кыргыз дегенде ичкен ашын жерге койгон, бирок эч бир ураан-чакырык, ызы-чуусу жок, карапайым берилгендик менен элин сүйгөн адам болгон экен. 

Кыргыз элим кызыл гүлдүү жаз айым, 

Бул карекке элесиңди катайын. 

Өмүр бою өзүңдү ырдап келатам, 

Өлсөм көрдө кыргызмын деп жатайын

деген ыр да Байдылдага таандык. 

Кулундай кезинен жамактата ыр айтып, элдик оозеки чыгармачылыкка тең жуурулушуп калган акын элдин ой-санаасын канына сиңирип, атуулдук сезимдеринен эч кайткан эмес. Ал кайсы бир маегинде: "Бир ырды ырдап эле такыр бүтпөй койдум… Бул кыргыз эли жөнүндө…Менден кийин да кыргызым жашайт кагылып кетейин…Элим аман болсо экен…" деп төмөнкү ыр саптарын окуп берген экен:

Кыргызым бүтпөс ырымсың,
Кыярбас кызыл суумсуң,
Сан жагың чакан болсо да,
Сапатың менен улуусуң.

Кыргызым бүтпөс ырымсың,
Көрөр көз, ичер суумсуң,
Улгайып кайра жаралган,
Улуу да, кичүү муунсуң…

Ал эми акындыктын эл алдында алган анык милдетин, өз жашоосунун башкы максатын жакшы билген чебер: 

Жаз, акын, жабык көөнүң чокулансын,
Ырыңда жүрөгүңдүн оту жансын. 

Эл сени эски жылдай эске тутуп,
Эл сени жаңы жылдай тосуп алсын, — деп да жазган.

Народный писатель Киргизской ССР Касымалы Баялинов - Sputnik Кыргызстан
Касымалы Баялинов — өмүр баяны
Ошондой эле Байдылда Сарногоевдин көп ырлары обонго салынып, эл ичинде кеңири ырдалып жүрөт. Алардын катарында "Жылкычы бозой", "Ак чыны", "Кызыл гүл", "От койгун махабаттын милтесине" жана башка ырлары бар. 

Байдылда Сарногоевдин "Досторума" (1955), "Бала мерген" (1956), "Баяс" (ыр түрүндөгү поэма) (1956), "Ак калпак" (1961), "Тоолор жана тоолуктар" (1966), "Үзүлбөгөн үмүттөр" (1968), "Сүйлөшүү" (1970), "Менин батпас күнүм" (1972), "Ашуудан берген отчётум" (1982), "Таалай өлбөйт" (1982) жана башка жыйырмадан ашык китептери басылып чыккан. 

Азыркы учурда Байдылда Сарногоев атындагы эл аралык адабий сыйлык уюшулган. Ал таланттуу акындарга эки жылда бир жолу ыйгарылып турат. Быйылкы 2015-жылы бул сыйлыкка алтайлык акын Боронтай Бедюров, экинчиси кыргызстандык акын Сагын Акматбекова татыган. Жеңүүчүлөргө лауреаттык күбөлүк, акындын элеси түшүрүлгөн алтын медаль жана акчалай сыйлык берилет.

Жаңылыктар түрмөгү
0