Насирдин Байтемиров — өмүр баяны

© Sputnik / Владимир Песня / Медиабанкка өтүүОкуучу китепканада. Архив
Окуучу китепканада. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жазуучу, акын жана драматург Насирдин Байтемировдун өмүрү жөнүндө Sputnik таржымалынан таанышыңыз.

Насирдин Байтемиров 1916-жылы Чүй өрөөнүнө караштуу Кегети айылында туулган. Болочок жазуучунун энеси Арууке элдик жомокторду жакшы билген, кошокчу, сөзгө чебер аял болгон. 

Насирдин айылдык мектепти аяктагандан кийин 1934-жылдан тартып Фрунзедеги зооветеринардык институтта билим алат. 

Акын жана драматург, айтылуу Эсимденин автору Жусуп Турусбеков - Sputnik Кыргызстан
Жусуп Турусбеков. Өмүр баяны
Жазуучунун "Жаш тилек" аттуу алгачкы ыры 1934-жылы "Ленинчил жаш" гезитинде жарыяланат. 

Ал эми 1937-1939 жылдары аскер кызматын ѳтүп келгенден кийин бала кезинен бери угуп келе жаткан энеси Арууке менен агасы Касымдын айтып берген жомокторунун негизинде "Жомоктор" аттуу китебин чыгарат. Негизи жазуучунун чыграмачылыгына өз үй-бүлөсүнөн тышкары, ошол кездеги Калмырза, Жаманкул менен Осмонкул сыяктуу белгилүү ырчылар да чоң таасир берген.

Согуш жылдары Байтемиров айылда эсепчи, зоотехник, мугалим болуп иштеп, комсомолдук милдеттерди да аткарган. Дал ошол мезгилде алган турмуштук тажрыйбасы Байтемировдун болочок жазуучулук эмгегине чоң таасир берип, ар кыл мазмундагы бай материал болгон. 

1945-жылы Фрунзеге келип, "Кызыл Кыргызстан" газетасына кызматка орношот. 

Белгилүү кыргыз жазуучулары Жусуп Турусбеков, Түгөлбай Сыдыкбеков жана Мукай Элебаев (оңдо акыркы) Эркиндик бульварында эс алууда. Фрунзе 1940 - Sputnik Кыргызстан
Мукай Элебаев — өмүр баяны
1945-жылы "Кызыл Кыргызстан" гезитинин өз кабарчысы болуп иштейт. Ошол кезде жаралган "Азамат" аттуу повесттинде ал согуш учурунда мекенин коргоого бγт күч-кубатын арнаган кыргыз учкучу Азамат жөнүндө баяндайт. Чыгармада ооруктагы оор турмушту ынанымдуу сγрѳттѳ менен, карапайм элдин сөзгө, досчулукка, сүйүүгө бек асыл сапаттарын терең жана көркөм чагылдырат.

1947-1950-ылдары жана 1955-1967-жылдары Насирдин Байтемиров Кыргызстан жазуучулар союзунун адабий кеңешчиси болуп иштеген. 

Ал эми 1955-жылы Москванын М.Горький атындагы адабият институтун бүтүргөн. Ошол эле жылы жазуучунун "Акыркы ок" романы жарык кѳрөт. 

Насирдин Байтемировдун чыгармачылыгында орчундуу орунду тарыхый мазмундагы чыгармалары ээлейт. Буга 1966-жылы чыккан "Тарых эстелиги" романы, андан кийинки "Уркуя"драмасы күбө. Драматург катары "Уркуядан" башка, "Кγйѳѳ", "Ким кγнѳѳлγγ?", "Жолдо" аттуу драмаларын, айтылуу "Аста, секин колукту" музыкалуу комедиясын да жараткан. Насыр Давлесовдун музыкасын салынган бул чыгарма азыркыга чейин кыргыз опера жана балет театрында коюлуп келет. 

Народный писатель Киргизской ССР Касымалы Баялинов - Sputnik Кыргызстан
Касымалы Баялинов — өмүр баяны
Жазуучунун поэзиялык жанрдагы "Жγрѳк кγγсγ" (1955), "Сγйгѳнγм" (1957), "Канаттуу кγндѳр" (1964), "Эриген таш" (1969), "Махабат дастаны" (1975), "Махабат жазы"(1979) жана башка ырлар жыйнактары жарык көргөн.

Насирдин Байтемиров "Кыргыз эл жазуучусу", "Кыргыз искусствосуна эмгек сиңирген ишмер" ардактуу наамдарынга татыган. Ошондой эле Эмгек Кызыл Туу, "Ардак Белгиси" ордендери жана медалдар менен сыйланган.

Ал 1996-жылы дүйнөдөн кайткан.

Жаңылыктар түрмөгү
0