Добуш берүү процедурасы кандайча өтөт?

© Sputnik / Диля РодионоваШайлоо электр урнасы. Архив
Шайлоо электр урнасы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Шайлоодо добуш берүү процедурасы кандайча өтө турганы жөнүндө Sputnik маалым катынан окуңуз.

Компьютер жана микрофон менен жайгашкан жумуш ооруну. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жогорку Кеңештеги орундар кандайча бөлүштүрүлөт?
Республика боюнча бардык 2374 шайлоо участогу бир мезгилде – таңкы саат 8.00дө ачылып, саат 20.00гө чейин иштейт. Шайлоо участогуна ID-карта, жалпы жарандык паспорт же, эгер идентификациялык номерлүү ПИН-код бекитилген болсо, 1994-жылкы үлгүдөгү паспорт менен келүү керек. Шайлоочу өзүн добуш берүүчүлөрдүн тизмесинен таап, идентификациядан өтөт. Тагыраак айтканда, манжа издеринин жардамы менен системага катталат. Андан соң бюллетень алып, добуш берүүчү кабинага кирип, маркер менен өзү тандаган партиянын жанына белги коёт. 

Бюллетенге тандаган партиянын каршысындагы чарчынын ичине атайын маркер менен гана канатча белгисин коюш керек. Башка белги коюлган болсо, бюллетень жараксыз деп табылат. Андан кийин шайлоочу бюллетенди электрондук урнага бетин ылдый каратып салат. Ошондон кийин добуш берүү аяктады деп эсептелет. Эгер урнага эки бюллетень салганга же бетин өйдө каратып таштаганга аракет кылсаңыз, урна аны кабыл албайт. 

Эгер шайлоочу кайсы бир себеп менен шайлоо участогунда добуш бере албаса, ал өзү же жакындары шайлоого чейин 3 күндөн кеч эмес убакытта Участкалык шайлоо комиссиясына арыз жазат. Андай шайлоочу УШКнын мүчөлөрүнүн, байкоочулардын жана партия өкүлдөрүнүн катышуусунда шайлоо участогунан сырткары жерде добуш берет.

Жаңылыктар түрмөгү
0