Тоголок Молдо — өмүр баяны

© Sputnik / РИА Новости / Медиабанкка өтүүМОЛДО ДЖАБАЕВ
МОЛДО ДЖАБАЕВ - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кыргыздын улуу акындарынын бири Тоголок Молдо жөнүндө Sputnik Таржымалынан таанышыңыз.

Тоголок Молдонун өз аты Абдырахман уулу Байымбет. Акын Нарындын азыркы Ак-Талаа районуна караштуу Күрткө айылында 1860-жылы жайдын алгачкы күндөрү кедей дыйкандын үй-бүлөсүндө жарыкка келген. Байымбеттин атасы Абдрахман кыргыз ырларын мыкты билген, эл арасында ырдай калып жүргөн шыктуу адам болгон. 

Эл оозунда айтылып жүргөндөргө караганда, эртелеп сабатын жоюп, тамга таанып калган кара тору тоголок жүздүү Байымбетти айылдагы келин-кесектер Тоголок Молдо деп тергеп алышкан. Эл оозуна алынып, акын гана эмес "Манасты", "Семетей" менен "Сейтекти" айткан, аларды кагаз бетине түшүргөн чебер катары тарыхта калган аты да ушул Тоголок Молдо. 

Өз заманынын сабаттуу адамдарынын бири, Тоголок Молдону кыргыздын биринчи жазма акыны деп да аташат. Ал карапайым эл арасында агартуучулук иш алып барган алгачкы инсандардан. Сабаттуу болууну эңсеген акылы зирек, чыйрак бала кичине кезинде эле бир нерсе үйрөтөр деген үмүт менен айылдын молдосуна жалданып малайлык кылган… 

9 жашынан Байымбет айылдык молдодон бир аз сабат алып, андан соң айылдагы мусулмандар мектебинде окуган. 14 жашында атасы каза болуп калып, чоң атасынын бир тууганы Музоокенин багуусунда калат. Музооке ошол кезде атагы чыккан төкмө акын жана комузчу болгон. Тоголок Молдонун сөз чеберчилиги өрчүп калыптанышына, элдик чыгармаларга кызыгуусунун артышына Музоокенин таасири зор болгону айтпаса да түшүнүктүү болор. Бирок 4 жылдан кийин Музоокенин да көзү өтүп, алардын бүлөсү жокчулуктун айынан Жумгалга көчүп келип, жергиликтүү бир манапка малай болушат. Ал жерен да турмушу оңолбой койгондо, Чүй өрөөнүнө, Токмокко жакын жердеги Кара-Дөбө айылына энесинин туугандарына көчүп келишет. Ал жерде да Байымбет байларга малайлык кылып, билимин арттырсам деген үмүттө молдого да жалданат. Бирок молдо аны ишке салгандан башка эч көңүл бурбаган соң, болочок акын андан кетип, айылдын кичине балдарына тамга үйрөтөт. 

Чүй өрөөнүндө жашап жүрүп, Байымбет кыргыз менен казактын атактуу төкмө акындары менен таанышат. Ошол эле жылдары "Манас" айтууга да кызыгып, атактуу манасчы Тыныбектен таалим алат. Бул туурасында өзү мындай деп жазган:

Он сегиз жашка келгенде,

Акын болдум атанып.

“Манасты” бүт үйрөндүм,

Тыныбектен жат алып.

1880-жылы Кетмен-Төбөдө Тоголок Молдо өзүнүн атактуу замандашы Токтогул акынга жолугат. Ал эми Токтогул сүргүндөн кайтып келгенден кийин алар дайым катышта болот. Бир жагынан, эки акындын тең эл мүдөөсүн көздөп, калыстыкты жактаганы, бей-бечаралардын күнү туулуп, жаркын заман келер деген экөөнүн бирдей үмүтү да, экинчи жагынан, эки акындын чебер сөзгө болгон шыгы да себеп болгондур. 

Жогоруда айтылгандай, Тоголок Молдо жаш кезинен эле кичине балдарды тамгага үйрөтүп, эл агартуучук кылган. Ал өз чыгармаларында козгогон маселелер жаш муундарга тарбия берүү, ата-эненин байлыгына чиренүүчүлүктүн терс кесепеттери сыяктуу азыр да курчтугун жогото элек маселелерди чагылдырат. "Кемчонтой" (1900) атуу сатиралык чыгармасында ал атадан калган байлыгын бир күндө чачып, эч бир ишке эби жок "Ар кайсыны бир айтып, сөзү орой, оозу шок", энесине жылуу сөз айта албаган уулдун баяны аркылуу акын эмгекти, акыл-эстүүлүктү даңазалоо менен, эл арасында көнүмүш болуп калган айрым социалдык маселелерди да козгойт. Мисалы, калың алуу, кызды өз макулдугусуз турмушка берип, ошол алган калың, жеген тою үчүн өз кызынын жеке бактысын курмандыкка чалуу, азыркы замандагы материалдык байлыктан көз карандылык, оокатты адамдык баалуулуктардан жогору коюучулук, өң карамалык сыяктуу терс көрүнүштөрүнө үндөшүп кетет. Анан калса, акын бул чыгармада өзүнүн эбегейсиз чеберчилиги менен адамдын бардык терс жактарын жалгыз Кемчонтойдун бейнесине ыйгарып койгондой. Бекеринен бул каармандын аты жеке эмес, жалпы атка айланып, акылсыз, алды-артын карабаган, алаңгазар, орой кишилер эл ичинде кемчонтой аталып жүргөн жери жок. 

Оозумда эркин кебим бар,

Томояк кедей болсом да,

Ак пейил, адал элим бар деп Тоголок Молдо революцияга чейин карапайым элди коргоп, теңчилик, акыйкаттык көз караштары үчүн далай жолу бай-манаптардын куугунтугуна калган. Жер которуп, башка аймакка көчүүгө да аргасыз болгон. Октябрь революциясын Тогуз-Торонун Кол-Боор кыштагында тосуп, Токтогул сыяктуу эле жаңы замандын башталышын кубаныч менен кабыл алып, эл эркиндигин даңазалаган "Революция", "Эркиндик" аттуу поэмаларны жазган.

Бирок совет доору башталгандан кийин Тоголок Молдо куугунтук жеп, басмачылар аны өлтүрүүгө аракет жасашат. Үйүн кыйратып, аялын алып кетишет. Кайратынан жанбаган Тоголок Молдо алгачкылардан катарында колхозго мүчө болот. 1936—1938-жылдары өзү эл оозунан жазып алган оозеки чыгармаларды, этнографиялык жана тарыхый бир топ баалуу материалдарды республиканын Агартуу боюнча элдик коммисариатынын Илимий изилдөө институтуна өткөрүп берген. Анын арасында "Жаңыл Мырза", "Мендирман" сыяктуу дастандар, элдик уламыштар да бар. Өзү аткарган "Манас" үчилтигинин текстин да Тоголок Молдо өзү кагазга түшүрүп калтырган. Ал эпостун экинчи бөлүгү – "Семетейди" көп айтчу, азыркы кезде Кыргыз илимдер академиясында сакталуу жаткан акындын жазуусундагы 98 703 сап үчилтиктин 44 873 сап ыры да "Семетейге" арналган. 

1938-жылдан бери СССРдин Социал партиясынын мүчөсү болгон. 1939-жылы кыргыз искусствосунун жана адабиятынын Москвада өткөн биринчи декадасынын катышуучусу, "Ардак Белгиси" орденинин ээси.

Тоголок Молдо 1942-жылы 4-январда 82 жашында дүйнөдөн кайткан. Сөөгү мекени Күрткө айылында коюлган. 

Акындын алгачкы китеп түрүндө басылып чыккан "Насыят" аттуу чыгармасы 1925-жылы Москвада жарык көргөн. Көзү өткөнгө чейин дагы эки чыгармалар жыйнагы жана акындын аткаруусундагы "Семетейден" үзүндү ("Майдан" деген ат менен) жарык көргөн.

Акын балдар үчүн жомокторду, ырларды жазган. Санат-насыят ырлары да кыргыз элине мураска калган. Тоголок Молдо кыргыз тилиндеги алгачкы тамсилдердин автору. Ал "Каркыра менен түлкү" аттуу тамсилинде куу-арамза адамга туш болгон канчалык жанга зыян экени баяндалат ("Кайда болсо залимден, Залал көрөт ынагы"). 

Кээ бир чыгармалары мурдагы совет элдеринин айрым тилдерине которулган. 

Тоголок Молдонун айкели 1994-жылы Кыргызстанда жүгүртүүгө кирген улуттук акчанын жыйырма сомдук банкнотунда чагылдырылган.

Республиканын борбор калаасында акындын эстелиги орнотулуп, анын ысымы республиканын бир нече мектептерине, айыл-шаарлардын көчөлөрүнө ыйгарылган.

Жаңылыктар түрмөгү
0