22:21 24 Кулжа 2018
Түз эфир
  • USD68.2440
  • EUR79.6305
  • RUB1.0791
Жазуучу Казат Акматов. Архив

Акматов Казат Акматович — өмүр баяны

Абдыкерим Муратов
Таржымал
Кыскача шилтеме алуу
Кыргыз Эл жазуучусу Казат Акматов дүйнө салды (9)
131560

Казат Акматов 1941-жылы 23-декабрда Ысык-Көл облусундагы Бостери айылында туулган. Ал 2015-жылы 14-сентябрда узакка созулган оорудан каза болду.

Жогорку билимдүү, 1966-жылы Москвадагы ВЛКСМ БКнын алдындагы Жогорку комсомол мектебин, 1967-жылы КМУнун филология факультетин аяктаган.

Эмгек жолу.

  • 1954-жылы Кыргызстандын Ысык-Көл облусуна караштуу Ысык-Көл районундагы №54 жылкы заводунда жумушчу болуп иштөөдөн баштаган.
  • 1964-жылдардан тарта комсомолдук иштерде эмгектенген.
  • 1972-жылы "Кыргызстан" басмаканасында ага редактор, башкы редакторго орун басар болгон.
  • 1974 – 83-ж. Кыргызстан КП БКнын инструктору, сектор башчысы, бөлүм башчынын орун басары,
  • 1983–86-ж. Кыргызстан мамлекеттик телерадио комитетинин улук редактору,
  • 1986–90-ж. Кыргызстан жазуучулар союзунун башкармасынын катчысы.
  • 1990-жылы Кыргызстан демократиялык кыймылынын (КДК) уюштуруучусу болгон.
  • 1990–95-ж. КР Жогорку Кеңешинин депутаты, 

Чыгармалары.

Аңгемелеринин алгачкы жыйнагы 1974-жылы "Боз улан" деген аталыш менен жарык көргөн. "Ыйык журт" "Мезгил, "Мунабия", "Күндү айланган жылдар" жана башка роман, повесть, аңгемелер жыйнактарынын автору. Бир нече чыгармалары сахнага коюлган. 2013-жылы Улуу Британиянын борбору Лондон шаарында "Эрика Клаустун 13 кадамы" аталган чыгармасы англис тилинде жарык көргөн. 

Акыркы чыгармасы "Архат" романы. 

Сыйлыктары. 

"Манас-1000" юбилейлик медалы менен сыйланган.

Кыргызстандын Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыгынын лауреаты

Бүткүл союздук Николай Островский атындагы адабият сыйлыгынын ээси.

Кыргыз эл жазуучусу.

Тема:
Кыргыз Эл жазуучусу Казат Акматов дүйнө салды (9)
Белгилер:
таржымал, Казат Акматов
Колдонуу эрежелериПикирлер

ЭҢ МААНИЛҮҮ