Кыргызстандын партиялары: "Улуу Кыргызстан"

Жазылуу
"Улуу Кыргызстан" саясий партиясы расмий түрдө 2012-жылдын 3-сентябрында катталган.

Саясий партиянын лидери Улан Эсенкожоев. Алар өлкөнүн келечегине кайдыгер карабаган жарандардын башын бириктирүүнү жана Улуу кыргыз мамлекетин кайта түптөөнү максат кыла турганын саясий бирикменин маалымат кызматы билдирди.

Партиянын маалыматына ылайык, алардын лидерлеринин бирөө да ичимдик ичип, тамеки чекпейт. Эң улуусу 38 жашта. Партиянын лидерлери буга чейин эч бир партияда же бийлик бутактарында иштеген эмес. Партия мүчөлөрүн атуулдук сезим жана Кудайга болгон ишеним бириктирип турат.

Жаңылыктар түрмөгү
0