Кыргызстандын партиялары: "Азаттык"

Жазылуу
"Азаттык" демократиялык партиясы 2010-жылы түзүлүп, Адилет министрлигинен каттоодон өткөн. Ушул эле жылы КСДП партиясы менен биригип, парламенттик шайлоого алардын атынан катышкан. Төрагасы — Исмаил Исаков.

Партиянын негизги максаты — жарандардын тең укуктуулугун жана эркиндигин сактоону толук кандуу камсыз кылуу. 

Партиянын лидери Исмаил Исаков — генерал-лейтенант, ЖКнын бир нече чакырылышынын депутаты. Убактылуу өкмөттүн Коргоо министри, Коопсуздук кеңешинин мурунку катчысы болгон. 

Партия мыйзамдуулук менен акыйкаттыкты туу тутуу менен мамлекеттин коомчулукка кызмат кылуусун көзөмөлдөп, мамлекеттик тартипти орнотууну максат кылат. 

"Азаттыктын" программасында Куралдуу Күчтөрдөгү реформаны Аскер доктринасына ылайык аягына чыгаруу каралган. Андан сырткары жарандар сыймыктанган мобилдүү, күчтүү, бардык шарттары менен камсыз болгон Куралдуу Күчтөрүн түзүү жана мамлекеттин коргонуу жөндөмдүүлүгүн күчөтүүгө басым жасалаары жазылган. 

Жаңылыктар түрмөгү
0