Эсеналиев Досалы Акпаралиевич — өмүр баяны

© Фото / пресс-служба политпартии "Бир бол"Эсеналиев Досалы Акпаралиевич. Архив
Эсеналиев Досалы Акпаралиевич. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
1965-жылы 11-апрелде Ош областына караштуу Ала-Бука районундагы Көк-Серек айылында туулган

Билими жогорку. Кыргыз мамлекеттик улуттук университетинин тарых факультетин "тарыхчы, тарых жана коом таануу мугалими" адистиги боюнча артыкчылык диплом менен аяктаган. 1990-1993-жылдары КМУУнун «тарых» адистиги боюнча аспирантураны сырттан окуган. 

Эмгек жолу. 1982-жылы Ала-Бука районундагы Ала-Бука орто мектебинде тарбиячы болуп иштеп эмгек жолун баштаган.

  • 1984-1986-жылдары Советтик армиянын катарында кызмат өтөгөн. 
  • 1990-1992-жылдары Кыргыз мамлекеттик улуттук университетинин жаңы жана соңку тарых кафедрасынын окутуучусу болуп эмгектенген. 
  • 1992-1993-жылдары Кыргыз Республикасынын билим берүү министринин жардамчысы болуп иштеген. 
  • 1993-1994-жылдары Стратегиялык изилдөөлөр Борборунун ага-референти ишин аркалаган. 
  • 1994-1996-жылдары "Сорос-Кыргызстан" Фондунун билим берүү тармагын, ММК, Өкмөттүк эмес уюмдарды колдоо жана адам укуктары боюнча программаларынын координатору болуп иш алып барган. 
  • 1996-жылы "Сорос-Кыргызстан" Фондунун гранттар боюнча директор-менеджери болуп иштеген. 
  • 1997—1999-жылдары ПРООНдун "Адамдын туруктуу өнүгүүсү" долбоорунун эксперти болгон. 
  • 1999-жылдан баштап 2 жыл аралыгында Кыргыз Республикасынын Президентинин басма-сөз кызматынын эксперти катары эмгектенген. 
  • 2001-2002-жылдары Дүйнөлүк банктын "Өнүгүүнүн комплекстүү негизи программасынын алкагында институционалдык мүмкүнчүлүктөрдү өнүктүрүү" долбоорунун коомчулук менен байланыш адиси катары иш жүргүзгөн. 
  • 2002-жылы Дүйнөлүк банктын "Жакырчылыкты кыскартуу стратегиясына институциялык колдоо" долбоорунун эксперти болуп иштеген. 
  • 2003-жылдан баштап 2008-жылга чейин Кыргыз Республикасынын Президентинин маалымат кызматын жетектеп турган. 
  • 2008-жылдын июнунан тартып 2009-жылдын январына чейин Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрация жетекчисинин орун басары кызматында иштеген. 
  • 2009-жылдын февралынан 2010-жылдын апрелине чейин Кыргыз Республикасынын Президентинин Жогорку Кеңештеги ыйгарым укуктуу өкүлү жана КРнын Президентинин Аппаратынын Жогорку Кеңеш менен байланыш кызматынын жетекчиси болуп турган. 
  • 2010-жылдын июнь айынан октябрь айына чейин "Республика" партиясынын шайлоо алдындагы штабынын аналитика жана медиатобун жетектеген. 
  • 2010-жылдын октябрынан 2012-жылдын декабрына чейин "Республика" партиясынын Аткаруу комитетинин жетекчиси кызматын ээлеген. 
  • 2013-2015-жылдары "Бир Бол" партиясы, Аткаруу комитетинин жетекчиси.
  • 2015-2016-жылдары "Бир Бол" фракциясы, лидердин кеңешчиси.
  • 11.2016 – 21.04.2018-жылдары Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик кызматынын төрагасы.
  • 2018-жылдын 20-апрелинен тарта КР президент аппарат жетекчисинин биринчи орун басары.

Мамлекеттик кызматтын 2-класстагы мамлекеттик кеңешчиси, запастагы ага-лейтенант.

2005-жылдын январь айында Европа Комиссиянын жана Европарламенттин коомчулук менен байланыш боюнча структураларында (Брюссель, Страсбург), ал эми 2007-жылдын январь айында NDI аркылуу Польшанын Президентинин жана мамлекеттик мекемелеринин Канцеляриясында (Варшава) стажировкалардан өткөн. 2009-жылдын май айында АКШнын мамлекеттик мекемелеринде (юстиция министрлигинде) "Миң жылдыктын чакырыктарынын эсеби" Программасынын алкагында «мамлекеттик кызматкерлердин өз кирешелерин декларациялоо» саясатын ишке ашырууну иликтөө боюнча Вашингтондо иш тажрыйбасын жогорулаткан. 

Үй-бүлөлүү, үч баланын атасы. 

Жаңылыктар түрмөгү
0