Алымбаев Абдрахман (Байас Турал). Өмүр баяны

© снимок взят из видео "Нацизм на киргизском телевидении" на УoutubeАлымбаев Абдрахман (Байас Турал). Архив
Алымбаев Абдрахман (Байас Турал). Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
1956-жылы Жалал-Абад облусунун Аксы районунун Авлетим айлында туулган. Кыргыз Мамлекеттик университетинин тарых факультетин сырттан аяктаган. Жогорку билимдүү.

Ишмердүүлүгү:

2009-2011-жылдары Кыргызстандын Жазуучулар союзун жетектеген.

Кийин Алматы шаарындагы Башкаруучулук жана саясат таануу институтун бүтүргөн. Коомдук-маданий ишмер, акын, жазуучу, публицист. 

Кыргыздар, элдин уруулук курамы, каада-салты, аймагы, жер-суу аттары тууралуу этнографиялык материалдардын, илимий пикирлердин автору. "Улустун улуу күнү", "Түрк" этноними жана анын мааниси", "Түркстандын түпкү аталышы", "Огуздар жана алардын теги" жана башка эмгектерди жараткан.

Учурда Ишенаалы Арабаев атындагы Кыргыз Мамлекеттик университетинде окутуучу болуп эмгектенет.

Жаңылыктар түрмөгү
0