Бейшенбай Жунусов Мамбетомурович. Өмүр баяны

© Пресс-служба президента КРБейшенбай Жунусов Мамбетомурович
Бейшенбай Жунусов Мамбетомурович - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
1957-жылы 28-ноябрда туулган

Билими:

  • 1980-жылы Фрунзедеги политехникалык институтту аяктаган.
  • 1987-жылы — Юрий Андропов атындагы СССРдин Мамлекеттик коопсуздугу комитетинин Кызыл туу институтун аяктаган.

Эмгек жолу:

  • 19.02.2015-ж. – Борбор Азиялык аймактык маалымат координациялоо борборунун директору. 
  • 15.08.2013-ж. – Коргоо кеңешинин катчысы.
  • 29.10.2012-ж. — 5.06.2013-ж. – КР Мамлекеттик улуттук коопсуздук боюнча комитетинин төрагасы. 
  • 06.2012-ж. — 29.10.2012-ж. – президенттин кеңешчиси.
  • 02.2011-ж. — 06.2012-ж. – Президенттин аппаратынын стратегиялык анализ жана өнүгүүнүн монитринги бөлүмүнүн башчысынын орун басары.
  • 2005-2007-жж. – КР өкмөтүнүн укук тартиби, коргоо жана коопсуздук иштери боюнча бөлүм башчы.
  • 2001-2005-жж. – КР Улуттук коопсуздук кызматынын төрагасынын орун басары.
  • 1997-2001-жж. – КР Улуттук коопсуздук кызматынын Башкы башкармалыгынын жетекчиси.
  • 1991-1997-жж. – Кыргызстандагы Мамлекеттик коопсуздук комитетинин кадрлар боюнча төрагасынын орун басары.
  • 1990-1991-жж. – Кыргызстандагы Мамлекеттик коопсуздук комитетинин бөлүмүнүн башчысынын орун басары.
  • 1989-1990-жж. – Кыргызстандагы Мамлекеттик коопсуздук комитетинин бөлүмүнүн жетекчисинин орун басары, бөлүм башчы болгон.
  • 1987-1989-жж. – Кыргызстандагы Мамлекеттик коопсуздук комитетинин ага ыйгарым укуктуу кызматкери.
  • 1984-1987-жж. – Юрий Андропов атындагы СССРдин Мамлекеттик коопсуздугу комитетинин Кызыл туу институтунун угуучусу
  • 1981-1984-жж. – Кыргызстандагы Мамлекеттик коопсуздук комитетинин кичи ыкчам ыйгарым укуктуу кызматкери, ыйгарым укуктуу кызматкери жана ага ыйгарым укуктуу кызматкери.
  • 1980-1981-жж. – Фрунзе политехникалык институтунун комсомол комитетинин катчысы.

Кытай тилинде сүйлөй алат. 2000-жылы III даражадагы Мамлекеттик "Манас" ордени менен сыйланган.

Жаңылыктар түрмөгү
0