Ричард М.Майлз. Өмүр баяны

© AFP / Santiago Lyon / poolРичард Майлс
Ричард Майлс - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
1937-жылы АКШнын Арканзас штатындагы Литтл-Рок шаарында төрөлгөн.

 

  • 1954-1957-ж.ж. Деңиз жөө аскеринде кызмат өтөгөн.
  • 1960-жылдан тарта саясат менен алектене баштаган.
  • 1967-жылы дипломаттык карьерасын баштаган. Осло, Москва, Белград шаарларындагы АКШнын дипломатиялык миссияларында иштеген. Ленинградда башкы консул болгон жана Берлиндеги элчиликтин биринчи катчысы кызматын аркалаган.
  • 1992-1993-ж. – АКШнын Азербайжандагы толук ыйгарымдуу элчиси.
  • 1996-1999-ж. – АКШнын Югославиядагы толук ыйгарымдуу элчиси.
  • 1999-2001-ж. – АКШнын Болгариядагы элчилигин жетектеген.
  • 2003-2005-ж. – АКШнын Грузиядагы толук ыйгарымдуу элчиси.

 

Ричард Майлз 2005-жылдын август айынан баштап дипломатиялык кызматтан отставкага кеткен. 2006-жылдын апрелинен декабрь айына чейин Ачык дүйнө лидерлик борборунун аткаруучу директору болуп иштеген. 

2008-жылдын ноябрында Майлзды кайтадан дипломатиялык кызматка чакырышып, АКШнын Түркмөнстандагы убактылуу элчиси кызматына келген. 2009-жылдын сентябрь айында Вашингтонго келип, кайтадан пенсияга чыккан.

Жаңылыктар түрмөгү
0