SputnikPro адистерге сайттын анатомиясы менен web-технологиясын үйрөтөт

© Sputnik / Рамиль СитдиковRIW - 2017. День третий
RIW - 2017. День третий - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Россиялык эксперт маалымат катчылар, журналисттер, контент-менеджерлер, SEO жана SMM адистер менен жолугуп мастер-класс өтөт.

БИШКЕК, 27-ноя. — Sputnik маалымат кызматы. "Россия сегодня" эл аралык маалымат агенттигинин интернет-технология борборунун жетекчиси Алексей Филипповский Бишкекте маалымат катчылар, журналисттер, контент-менеджерлер, SEO жана SMM адистер, ошондой эле профилдик багыттагы студенттер менен жолугат.

Иш-чара мастер-класс форматында "Сайттын анатомиясы: CMS, тилдер, фреймворк. Web-технологиясы кандай иштейт" деген темада өтөт.

Филипповский карьерасын Россия мамлекеттик теле жана радио уктуруу компаниясынан баштаган. Ал анда "Вести" эл аралык бөлүмүнүн жетекчиси, редактору болгон. Рунеттеги номер биринчи ресурс (суткасына 4,5 миллион окурман кирет) болгон Ria.ru сайтынын SMM багытын караган (2016-жылы), кийин ал команданы жетектеп калган. Ал ошондой эле ММУнун студенттерине "Санариптик журналистика" боюнча лекция окуп келет.

Катышуучуларды каттоо аягына чыкты.

SputnikPro – бул Россиянын мыкты медиа-менеджерлеринин жана алдыңкы адистеринин презентация жана мастер-класстары. Алар өз тажрыйбаларын журналисттер, маалымат катчылар, жогорку курстун студенттери менен бөлүшөт.

Журналист Sputnik Кыргызстан Расул Усеналиев - Sputnik Кыргызстан
Пресс-борбор
SputnikPro: журналист митингдерде өз коопсуздугуна көңүл бурушу керек
SputnikPro долбоору дүйнөнүн 13 мамлекетинде — Армениядан Индияга чейин, Грециядан Кытайга чейин өткөрүлүп келет.

Sputnik эл аралык маалымат агенттиги — дүйнөдөгү ири ЖМКлардын бири. Агенттик 30дан ашык тилде маалымат таратат. Токиодон Монтевидеого чейинки аймактагы редакциялар жана маалымат борборлору жаңылыктарды күнү-түнү жазып турат.

Үч жыл ичинде Sputnik сайты постсоветтик мамлекеттердеги ЖМКлар арасында жаңыча ыкма менен иштеп, алдыңкы орундарга чыкты.

Жакынкы чет мамлекеттердеги Sputnik порталы улуттук жана орус тилинде чыгып, окурмандарга түрдүү мультимедиалык маалыматтарды сунуштайт.

Инфографика, видео, сүрөт түрмөгү, онлайн-эфирлер, сурамжылоо жана подкасттарды таап окусаңыздар болот. Күнүмдүк жаңылыктардан тышкары, Sputnik агенттиги аналитикалык материалдарды жана эксклюзивдүү маектерди да окурмандарга сунуштайт.

Жаңылыктар түрмөгү
0