Окуучулар виртуалдык реалдуулук боюнча билим алат. Маалымат жыйын

© Sputnik / Хавьер Луэнго / Медиабанкка өтүүВыставка Mobile World Congress 2018 в Барселоне
Выставка Mobile World Congress 2018 в Барселоне - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Окуучулар "Виртуалдык реалдуулук күнү" билим берүү долбоорунун алкагында бир нече күн бою программа түзүү жана иш жүзүнө ашыруу тууралуу лекцияларды угат.

БИШКЕК, 18-ноя. — Sputnik. "Кыргызстанда мектеп окуучуларына виртуалдуу реалдуулук тармагында жумуш сунуш кылып жатышат" аттуу маалымат жыйынына чакырабыз.

Иш-чара 18-ноябрь күнү Sputnik Кыргызстан агенттигинин маалымат борборунда саат 11.00дө болот.

"Россия сегодня" эл аралык маалымат агенттигинин "Виртуалдык реалдуулук күнү" билим берүү долбоорунун алкагында окуучулар бир нече күн бою виртуалдык долбоорлорду аткаруу боюнча программа түзүү жана иш жүзүнө ашыруу тууралуу лекцияларды угат.

Журналисттер билим берүү долбоорлорун атайын жабдуунун жардамы менен көрө алышат.

Катышуучулар:

  • АНТОНОВ Евгений Андреевич — "Билим берүү инновациялары жаатындагы кесипкөйлөр" долбоорлор бирикмесинин жетекчиси;
  • ПОВОЛОЦКИЙ Роман Михайлович — "Киберстрана" коммерциялык эмес уюмунун башкармалыгынын төрагасы;
  • КАЗАЕВА Наталья Николаевна — "Россия сегодня" эл аралык маалымат агенттигинин атайын долбоорлор башкармалыгынын жетекчиси.
Виджет news
Жаңылыктар түрмөгү
0