09:51 21 Аяк оона 2019
Түз эфир
  • USD69.8317
  • EUR77.1501
  • RUB1.0937
2019-жылы Sputnik Кыргызстан маалымат агенттиги жана радиосунун ишке киришкенине беш жыл болду

Sputnik өзүнүн 5 жылдыгына карата "Жашоо үчүн парк" акциясына катышты

© Sputnik / Табылды Кадырбеков
Пресс-релиздер
Кыскача шилтеме алуу
111 0 0

Акциянын алкагында маалымат агенттиктин кабарчылары Бишкектеги сейил бакка кайың отургузушту.

БИШКЕК, 3-сен. — Sputnik. 2019-жылы Sputnik Кыргызстан маалымат агенттиги жана радиосунун ишке киришкенине беш жыл болду. Мунун урматына жетекчи Елена Череменина менен кабарчылар "Жашоо үчүн парк" акциясына катышты.

  • Руководитель Елена Череменина и сотрудники информационного агентства и радио Sputnik Кыргызстан приняли участие в социальной акции Парк для жизни и высадили в новом бишкекском парке пять берез
    2019-жылы Sputnik Кыргызстан маалымат агенттиги жана радиосунун ишке киришкенине беш жыл болду.
    © Sputnik / Табылды Кадырбеков
  • Руководитель Елена Череменина и сотрудники информационного агентства и радио Sputnik Кыргызстан приняли участие в социальной акции Парк для жизни и высадили в новом бишкекском парке пять берез
    Мунун урматына жетекчи Елена Череменина менен кабарчылар "Жашоо үчүн парк" акциясына катышты.
    © Sputnik / Табылды Кадырбеков
  • Руководитель Елена Череменина и сотрудники информационного агентства и радио Sputnik Кыргызстан приняли участие в социальной акции Парк для жизни и высадили в новом бишкекском парке пять берез
    Алар жаңы сейил бакка беш түп кайың (ар биринин сөңгөгү 10 сантиметрден) отургузду.
    © Sputnik / Табылды Кадырбеков
  • Руководитель Елена Череменина и сотрудники информационного агентства и радио Sputnik Кыргызстан приняли участие в социальной акции Парк для жизни и высадили в новом бишкекском парке пять берез
    Көчөт тигүү жайлары боюнча "Бишкек жашыл чарба" ишканасы менен макулдашылган.
    © Sputnik / Табылды Кадырбеков
  • Руководитель Елена Череменина и сотрудники информационного агентства и радио Sputnik Кыргызстан приняли участие в социальной акции Парк для жизни и высадили в новом бишкекском парке пять берез
    Жаңы сейил бактын жалпы аянты — 10 гектар. Ал Түштүк магистраль жана Чыңгыз Айтматов проспектисинин кесилишинде жайгашкан.

    Sputnik эл аралык маалымат агенттиги — дүйнөдөгү ири ЖМКлардын бири. Агенттик 30дан ашык тилде маалымат таратат.
    © Sputnik / Табылды Кадырбеков
  • Руководитель Елена Череменина и сотрудники информационного агентства и радио Sputnik Кыргызстан приняли участие в социальной акции Парк для жизни и высадили в новом бишкекском парке пять берез
    Токиодон Монтевидеого чейинки аймактагы редакциялар жана маалымат борборлору жаңылыктарды күнү-түнү жазып турат.
    © Sputnik / Табылды Кадырбеков
1 / 7
© Sputnik / Табылды Кадырбеков
2019-жылы Sputnik Кыргызстан маалымат агенттиги жана радиосунун ишке киришкенине беш жыл болду.

Алар жаңы сейил бакка беш түп кайың (ар биринин сөңгөгү 10 сантиметрден) отургузду. Көчөт тигүү жайлары боюнча "Бишкек жашыл чарба" ишканасы менен макулдашылган.

"Ушул жылы биздин агенттик беш жашка толуп отурат. Бул майрамды биз бак отургузуу менен баштайлы деп чечтик. Бул сейил бак шаардыктар менен шаар тургундарынын эң сүйүктүү жайларынын бири болуп калат деп ишенебиз. Отургузулган дарактарыбыз жетилип, узак жашайт деп үмүттөнөбүз", — деди Sputnik Кыргызстан агенттигинин жана радиосунун жетекчиси Елена Череменина.

Жаңы сейил бактын жалпы аянты — 10 гектар. Ал Түштүк магистраль жана Чыңгыз Айтматов проспектисинин кесилишинде жайгашкан.

Sputnik эл аралык маалымат агенттиги — дүйнөдөгү ири ЖМКлардын бири. Агенттик 30дан ашык тилде маалымат таратат. Токиодон Монтевидеого чейинки аймактагы редакциялар жана маалымат борборлору жаңылыктарды күнү-түнү жазып турат.

Беш жыл ичинде Sputnik сайты постсоветтик мамлекеттердеги ЖМКлар арасында жаңыча ыкма менен иштеп алдыңкы орундарга чыкты.

Жакынкы чет мамлекеттердеги Sputnik порталы улуттук жана орус тилинде чыгып, окурмандарга түрдүү мультимедиалык маалыматтарды сунуштайт.

Инфографика, видео, сүрөт түрмөгү, онлайн-эфирлер, сурамжылоо жана подкасттарды таап окусаңыздар болот. Күнүмдүк жаңылыктардан тышкары, Sputnik агенттиги аналитикалык материалдарды жана эксклюзивдүү маектерди да окурмандарга сунуш кылат.

Тема боюнча

Sputnik Кыргызстан көзү азиз Дастандын кыялын орундатты
Sputnik агенттигинин кыздары өзгөчө флешмобду колдоп чыгышты
Белгилер:
сейил бактары, көчөт, Sputnik Кыргызстан, Бишкек

ЭҢ МААНИЛҮҮ