09:45 21 Аяк оона 2019
Түз эфир
  • USD69.8317
  • EUR77.1501
  • RUB1.0937
Россиялык тележурналист, ТЭФИ сыйлыгынын үч жолку ээси Вадим Такменев. Архивдик сүрөт

SputnikPro телеканал жетекчилерин, режиссёрлорун, продюсерлерин чакырат

© Sputnik / Екатерина Чеснокова
Пресс-релиздер
Кыскача шилтеме алуу
6810

Кеп учурдагы телеканалдардагы маалыматтык шоулар, анын күңгөйү менен тескейи, интернеттин телевидение менен атаандаштыгы жана рейтингдер туурасында жүрөт.

БИШКЕК, 4-июн. — Sputnik маалымат кызматы. Sputnik эл аралык маалымат агенттиги жана радиосу SputnikPro долбоорунун алкагында өзүнүн тажрыйбасы, билими менен бөлүшүүгө даяр болгон россиялык топ-спикерлер менен жолугушууларды улантат.

10-июнда Sputnik Кыргызстандын маалымат агенттигине кесипкөй диалогдун алкагында россиялык тележурналист, ТЭФИ сыйлыгынын үч жолку ээси Вадим Такменев келет. Жолугушуу "Телевидение түбөлүк жашайт, интернеттин көлөкөсүндө калбайт" деп аталган темада өтмөкчү. Кеп заманбап телеканалдардагы маалыматтык шоулар, анын күңгөйү менен тескейи, интернеттин телевидение менен атаандаштыгы жана рейтингдер туурасында жүрөт.

Иш-чарага маалыматтык жана көңүл ачуучу телеканалдардын жетекчилери, режиссёрлору, продюсерлери чакырылат.

Маалыматты төмөнкү шилтемеден алып, ошол эле жерден каттала аласыз.

SputnikPro — бул Россиянын мыкты медиа-менеджерлеринин жана алдыңкы адистеринин презентация жана мастер-класстарынын долбоору. Чакырылгандар өз тажрыйбаларын журналисттер, маалымат катчылар, жогорку курстун студенттери менен бөлүшөт.

Алар журналисттер, студенттер, маалымат кызматтын өкүлдөрү жана медиа тармактагыларга арналган. Максат — чет элдик кесиптештер менен пикир алмашуу, медиа жана кесиптик байланыштарды өнүктүрүү.

Жакында долбоордун башталганына бир жыл толот. Бул мезгил ичинде 11 өлкөдө — Кыргызстанда, Азербайжанда, Арменияда, Белоруссияда, Грецияда, Грузияда, Индияда, Кытайда, Молдовада, Түркияда, Эстонияда өткөрүлдү.

Sputnik Кыргызстан — 32 тилде жарык көргөн мультимедиалык интернет-сайттардан турган эл аралык ири ЖМКнын бир бөлүгү. Ал өзүнө дүйнөнүн 90дон ашык шаарларында жана интернетте орус, англис, француз жана башка тилдерде сүйлөгөн радиолорду камтыйт.

Ал эми Sputnik жаңылыктар түрмөгү англис, араб, испан, кытай жана фарс тилдеринде окурмандарга күнү-түнү маалымат жеткирип турат. Sputnik маалымат ресурсунун окурмандарынын саны айына 60 миллиондон ашат. Sputnik China аккаунтунун Sina Weibo социалдык тармагындагы катталуучулардын саны 9 миллиондон ашты. Дүйнө жүзү боюнча Пекинден тарта Монтевидео чейинки 22 редакциялык борборлордо ондогон улуттагы миңден ашык адам эмгектенет.

Sputnik "Россия сегодня" медиатобунун курамына кирет. Башкы кеңсеси Москва шаарында.

Sputnik сайттары постсоветтик мамлекеттерде иштей баштагандан тарта өзүнүн контентинин жаңычылдыгы жана технологиялык форматы менен жергиликтүү ЖМКлар арасында алдыңкы орундарга чыкты.

Sputnik порталы жакынкы чет өлкөдө улуттук тилде жана орус тилинде маалыматтарды окурмандарга сунуштайт. Сайттан инфографика, видео, сүрөтбаян, онлайн-эфир, интернет-добуш берүү жана подкасттарды таап окусаңыз болот. Ыкчам маалыматтардан сырткары аналитикалык макалалар жана эксклюзивдүү маектерди таба аласыз.

Тема боюнча

Sputnik Кытайдагы EXPO жарманкесинде КР павильонун жасалгалоого жардам берди
Sputnik Кыргызстан "Жеңиш вальсынын" катышуучуларына Георгий тасмасын тапшырды
Sputnik Кыргызстандын жетекчиси мыкты сценаристке "Ак илбирс" сыйлыгын тапшырды
Белгилер:
мастер-класс, SputnikPro, Кыргызстан

ЭҢ МААНИЛҮҮ