Sputnik Кыргызстандын жетекчиси мыкты сценаристке "Ак илбирс" сыйлыгын тапшырды

© Sputnik / Табылды КадырбековВручение национальной кинопремии "Ак Илбирс" в Бишкеке
Вручение национальной кинопремии Ак Илбирс в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Елена Череменина жыл өткөн сайын атамекендик киноиндустрия уникалдуу эмгектер менен толукталып, республикада эле эмес, чет өлкөдө да популярдуу болуп жатканына токтолду.

БИШКЕК, 26-апр. — Sputnik маалымат кызматы. Sputnik Кыргызстан маалымат агенттиги жана радиосунун жетекчиси Елена Череменина "Ак илбирс" киносыйлыгынын "Мыкты сценарий" номинациясы боюнча жеңүүчүнү жарыялап, "Дарак ыры" тасмасынын сценаристтери Айбек Дайырбеков менен Садык Шер-Ниязга сыйлык тапшырды.

Эскерте кетсек, сыйлык тапшыруу салтанаты Бишкектеги "Манас" кинотеатрында өттү.

Өз сөзүндө Череменина келген элди куттуктап, жыл өткөн сайын атамекендик киноиндустрия уникалдуу эмгектер менен толукталып, республикада эле эмес, чет өлкөдө да популярдуу болуп жатканына токтолду. 

© Sputnik / Табылды КадырбековSputnik Кыргызстан маалымат агенттиги жана радиосунун жетекчиси Елена Череменина
Sputnik Кыргызстандын жетекчиси мыкты сценаристке Ак илбирс сыйлыгын тапшырды - Sputnik Кыргызстан
Sputnik Кыргызстан маалымат агенттиги жана радиосунун жетекчиси Елена Череменина

"Кыргызстан эгемендүүлүк алгандан бери КМШдагы киноиндустриясы кайрадан жанданган өлкө экендиги менен сыймыктанса болот. Саны бара-бара сапатка өтүп жатканы кубандырат. Мааниси терең, эл аралык конкурстарда оозго алынган эмгектерди жараткан жаш режиссёрлор көбөйүп бара жатат", — деди Череменина.

"Ак илбирс" улуттук киносыйлыгын тапшыруу аземи быйыл сегизинчи ирет өттү. Салтанатка белгилүү режиссёрлор, актёрлор, коомдук ишмерлер, саясатчылар, президенттик администрация менен өкмөттүн өкүлдөрү катышты.

Мындан тышкары, чет өлкөдөн да коноктор келди.

СССРдин эл артисти, Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыктын лауреаты, Ленин, Эмгек Кызыл Туу, Эл достугу ордендеринин ээси Даркүл Күйүкова. Архив - Sputnik Кыргызстан
СССРдин эл артисти Даркүл Күйүкованын 100 жылдыгы белгиленет. Программа
Sputnik Кыргызстан — 32 тилде жарык көргөн мультимедиалык интернет-сайттардан турган эл аралык ири ЖМКнын бир бөлүгү. Ал өзүнө дүйнөнүн 90дон ашык шаарларында жана интернетте орус, англис, француз жана башка тилдерде сүйлөгөн радиолорду камтыйт.

Ал эми Sputnik жаңылыктар түрмөгү англис, араб, испан, кытай жана фарс тилдеринде окурмандарга күнү-түнү маалымат жеткирип турат. Sputnik маалымат ресурсунун окурмандарынын саны айына 60 миллиондон ашат.

Дүйнө жүзү боюнча 22 редакцияда ондогон улуттагы миңден ашык адам эмгектенет.

Sputnik "Россия сегодня" медиатобунун курамына кирет. Башкы кеңсеси Москва шаарында.

Жаңылыктар түрмөгү
0