SputnikPro фотографтар менен фотокабарчыларды мастер-класска чакырат

© Sputnik / Нина Зотина / Медиабанкка өтүүИш чарадагы фотографтар. Архив
Иш чарадагы фотографтар. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Иш-чара 18-апрелде Sputnik Кыргызстан агенттигинин мультимедиалык маалымат борборунда өтөт.

БИШКЕК, 16-апр. — Sputnik. Sputnik эл аралык маалымат агенттиги жана радиосу фотографтар менен фотокорреспонденттерди SputnikPro долбоорунун алкагындагы мастер-класска чакырат.

Иш-чара 18-апрелде Sputnik Кыргызстан агенттигинин мультимедиалык маалымат борборунда өтөт. Мастер-классты World Press Photo 2016 сыйлыгынын лауреаты, Россиянын спорт фотографтарынын мыктыларынын бири Владимир Песня берет.

© Sputnik / Алексей Филиппов / Медиабанкка өтүүWorld Press Photo 2016 сыйлыгынын лауреаты, Россиянын спорт фотографтарынын мыктыларынын бири Владимир Песня
SputnikPro фотографтар менен фотокабарчыларды мастер-класска чакырат - Sputnik Кыргызстан
World Press Photo 2016 сыйлыгынын лауреаты, Россиянын спорт фотографтарынын мыктыларынын бири Владимир Песня

SputnikPro — бул Россиянын мыкты медиа-менеджерлеринин жана алдыңкы адистеринин презентация жана мастер-класстары. Алар өз тажрыйбаларын журналисттер, маалымат катчылар, жогорку курстун студенттери менен бөлүшөт.

Белгилей кетсек, SputnikPro долбоору ишке ашырыла баштагандан тарта ага 80ден ашык мамлекеттин өкүлдөрү катышты. Мастер-класстар Белоруссияда, Грузияда, Грецияда, Индияда, Түркияда, Эстонияда, Азербайжанда, Арменияда жана Кыргызстанда өттү. Долбоор Кыргызстанда 2018-жылы октябрда башталып, журналисттер жана PR-адистери менен жолугуулар болду.

Мастер-класс журналиста ИА Sputnik Кыргызстан Нургуль Максутовой для студентов - Sputnik Кыргызстан
SputnikPro: Максутова: окурманга такталбаган маалыматты бербеш керек
Sputnik Кыргызстан — 32 тилде жарык көргөн мультимедиалык интернет-сайттардан турган эл аралык ири ЖМКнын бир бөлүгү. Ал өзүнө дүйнөнүн 90дон ашык шаарларында жана интернетте орус, англис, француз жана башка тилдерде сүйлөгөн радиолорду камтыйт.

Ал эми Sputnik жаңылыктар түрмөгү англис, араб, испан, кытай жана фарс тилдеринде окурмандарга күнү-түнү маалымат жеткирип турат. Sputnik маалымат ресурсунун окурмандарынын саны айына 60 миллиондон ашат.

Дүйнө жүзү боюнча 22 редакцияда ондогон улуттагы миңден ашык адам эмгектенет.

Sputnik "Россия сегодня" медиатобунун курамына кирет. Башкы кеңсеси Москва шаарында.

Sputnik сайттары постсоветтик мамлекеттерде иштей баштагандан тарта өзүнүн контентинин жаңычылдыгы жана технологиялык форматы менен жергиликтүү ЖМКлар арасында алдыңкы орундарга чыкты.

Sputnik порталы жакынкы чет өлкөдө улуттук тилде жана орус тилинде маалыматтарды окурмандарга сунуштайт. Сайттан инфографика, видео, сүрөтбаян, онлайн-эфир, интернет-добуш берүү жана подкасттарды таап окусаңыз болот. Ыкчам маалыматтардан сырткары аналитикалык макалалар жана эксклюзивдүү маектерди таба аласыз.

Жаңылыктар түрмөгү
0