Sputnik агенттигинин командасы Бишкекте өткөн жарым марафонго катышты

© Sputnik / Табылды КадырбековВесенний полумарафон "Бакай Банк Жаз Деми" в Бишкеке
Весенний полумарафон Бакай Банк Жаз Деми в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жарышка катышууга төлөнгөн каражаттын бир бөлүгү көзү начар көргөн адамдарга таяк сатып алууга жумшалмакчы.

БИШКЕК, 15-апр. — Sputnik. 14-апрелде Бишкектин жака-белинде "Бакай банк Жаз Деми" жарым марафону өтүп, ага 1500 киши катышты. Мында жалаң эле профессионалдар эмес, спорт ышкыбоздору, жаш балдар жана улгайган кишилер да чуркады.

Sputnik Кыргызстан маалымат агенттиги жана радиосу жарым марафондун медиа өнөктөшү болду. Андыктан, катышуучулар арасында редакция блютуз-кулакчындар менен кызыктыруучу белектерди ойнотту. 

© Sputnik / Табылды Кадырбеков 14-апрелде Бишкектин жака-белинде "Бакай банк Жаз Деми" жарым марафону өттү
Sputnik агенттигинин командасы Бишкекте өткөн жарым марафонго катышты - Sputnik Кыргызстан
14-апрелде Бишкектин жака-белинде "Бакай банк Жаз Деми" жарым марафону өттү

Белектерди тапшыруу маалында Sputnik Кыргызстан агенттигинин жетекчиси Елена Череменина келерки марафондо чуркай турганын айтып, бул жолку катышуучуларга ыраазычылыгын билдирди.

"Ийгиликтин негизги көрсөткүчүнүн бири — ден соолук! Андыктан келерки жарыштарда мындан дагы көп катышуучу болушун каалайм. Негизи биринчи келүү эмес, өз жалкоолугуңду жеңүү, марага татыктуу чуркап жетүү маанилүү деп ойлойм", — деди Череменина.

Белгилей кетсек, жарышка катышууга төлөнгөн каражаттын бир бөлүгү көзү начар көргөн адамдарга таяк сатып алууга жумшалмакчы.

Sputnik Кыргызстан маалымат агенттиги жана радиосу да четте калбай, беш кызматкер 5 жана 10 чакырымга чуркады.

"Бакай банк Жаз Деми" жарым марафонунун максаты — спортту жайылтуу жана ар бир адамга жеткиликтүү экенин көрсөтүү. Жарым марафонду "Номад Спорт" коомдук бирикмеси шаардык муниципалитеттин колдоосу менен уюштурган.

Кыз-жигиттердин жайдары маанайы... Бишкекте чуркаган 1500 жөө күлүктүн видеосу - Sputnik Кыргызстан
Кыз-жигиттердин жайдары маанайы... Бишкекте чуркаган 1500 жөө күлүктүн видеосу
Sputnik Кыргызстан — 32 тилде жарык көргөн мультимедиалык интернет сайттардан турган эл аралык ири ЖМКнын бир бөлүгү. Ал өзүнө дүйнөнүн 90дон ашык шаарларында жана интернетте орус, англис, француз жана башка тилдерде сүйлөгөн радиолорду камтыйт.

Ал эми Sputnik жаңылыктар түрмөгү англис, араб, испан, кытай жана фарс тилдеринде окурмандарга күнү-түнү маалымат жеткирип турат. Sputnik маалымат ресурсунун окурмандарынын саны айына 60 миллиондон ашат.

Дүйнө жүзү боюнча 22 редакцияда ондогон улуттагы миңден ашык адам эмгектенет.

Sputnik "Россия сегодня" медиатобунун курамына кирет. Башкы кеңсеси Москва шаарында.

Жаңылыктар түрмөгү
0