Sputnik Кыргыз-Россия аймактар аралык конференциясынын өнөктөшү болду

© Sputnik / Табылды КадырбековКыргызстандын жана Россиянын желектери. Архив
Кыргызстандын жана Россиянын желектери. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Иш-чараны көп форматтуу (фото, видео, жаңылыктар) чагылдыруудан сырткары Sputnik мобилдик радиостудиясын орнотуп, конференциянын жүрүшүн түз эфир аркылуу элге жеткирүүдө.

БИШКЕК, 27-мар. — Sputnik агенттигинин маалымат кызматы. Sputnik Кыргызстан эл аралык агенттиги жана радиосу Россиянын президенти Владимир Путиндин Кыргызстанга боло турган мамлекеттик сапарынын алдында өтүп жаткан "Стратегиялык өнөктөштүктүн жана интеграциянын жаңы горизонттору" аттуу Кыргыз-Россия аймактар аралык VIII конференциясынын башкы медиа өнөктөшү болду.

Иш-чараны көп форматтуу (фото, видео, жаңылыктар) чагылдыруудан сырткары Sputnik мобилдик радиостудиясын орнотуп, конференциянын жүрүшүн түз эфир аркылуу элге жеткирүүдө.

"Sputnik Кыргызстан медиа рыноктогу эң окумдуу интернет-порталдардын катарын толуктап, төрт жылдан бери интернет статистика боюнча алдыңкы орунду ээлеп келет. Конференциянын уюштуруучуларына бизге болгон ишеними үчүн ыраазычылык билдиребиз. Биз Кыргызстандын социалдык-экономикалык абалын жана достук мамилени бекемдөөгө багытталган ушул сыяктуу иш-чараны колдоп жатканыбызга кубанычтабыз", — деди Sputnik Кыргызстан агенттиги жана радиосунун жетекчиси Елена Череменина.

Конференцияга эки өлкөнүн финансы институттарынын жана мамлекеттик органдарынын 500дөй өкүлү катышып жатат. Иш-чаранын алкагында соода-экономикалык кызматташуу, инвестициялык долбоорлор талкууланууда. Мындан сырткары, бир катар документтерге, анын ичинде аймактар аралык жана инвестициялык келишимдерге кол коюлду.

Производство кирпича на Новокубанском  ЗКСМ - Sputnik Кыргызстан
"Русэлпром" КР гидроэнергетикасына 1,5 млрд. доллар салууга даяр
Кыргыз-Россия аймактар аралык VIII конференциясы 27-28-март күндөрү Jannat Regency отелинде өтөт. Уюштуруучулар — Кыргызстандын Экономика министрлиги менен Россия Федерациясынын Экономиканы өнүктүрүү министрлиги.

Sputnik мультимедиалык тобу – бул ондогон өлкөлөрдө заманбап мультимедиалык борборлорун камтыган жана чет өлкөлүк аудиторияга багытталган маалымат бренди. Sputnik берген маалыматтын сапаты анын журналисттеринин жогорку кесипкөйлүгү, маалымат контентинин эксклюзивдүүлүгү жана тездиги, дүйнөлүк окуялар боюнча темаларды терең изилдеп ар тараптуу иштеп чыгуусу, ошондой эле материалдарга болгон бир тараптуулукка жол берилбестен, объективдүү мамиле кылуусу менен аныкталат.

Жаңылыктар түрмөгү
0