Sputnik Кыргызстан "Биз — ата-энебиз" атайын долбоорун баштайт

© Sputnik / Табылды КадырбековSputnik Кыргызстан агенттигинин маалымат катчысы Нуржан Найзабекова
Sputnik Кыргызстан агенттигинин маалымат катчысы Нуржан Найзабекова - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Интервью ар бейшембиде саат 16.00дө радиодон берилип турат.

БИШКЕК, 23-янв. — Sputnik маалымат кызматы. Sputnik Кыргызстан агенттиги менен радиосу "Биз — ата-энебиз" деп аталган автордук долбоор баштайт. Анда үй-бүлөнү туура түзүү жана бул түшүнүк менен элдин саламаттыгын бекемдөө максаттары коюлган. Жаш жубайларга кош бойлуулук менен төрөттү пландоо, балдарга тарбия берүүгө көмөктөшүү багыттары коюлган.

Программанын биринчи этабында ийгиликке жеткен кыргызстандыктар өзүнүн ата-энелик тажрыйбасы туурасында айтып берет. Андан соң адистер (акушер-гинекологдор, педиатрлар, диетологдор, психологдор) менен маектер кетет. Кеп-кеңештер, сунуштар айтылат. Интервью ар бейшембиде саат 16.00дө радиодон берилип турат.

"Өлкөдө оорулуу балдар төрөлүп, операция кылууга акча жагынан жардам сураган жарыялар арбын. Анын кесепетинен үй-бүлө бузулуп, балдар зомбулукка кабылууда. Андыктан жарандар үй-бүлө курууга, өзгөчө балалуу болууга жоопкерчилик менен караса деген ниет бар. Кишинин алты саны аман экендиги жана психикалык саламаттыгы өзү үчүн гана эмес, мамлекет үчүн да маанилүү. Менин программам радиоугармандар жана сайттын окурмандары үчүн пайдалуу болот деген ишенимдемин", — деди долбоордун жетекчиси Нуржан Найзабекова.

Sputnik эл аралык маалымат агенттиги — дүйнөдөгү ири ЖМКлардын бири. Агенттик 30дан ашык тилде маалымат таратат. Токиодон Монтевидеого чейинки аймактагы ал редакциялар жана маалымат борборлору жаңылыктарды күнү-түнү жазып турат.

Үч жыл ичинде Sputnik сайты постсоветтик мамлекеттердеги ЖМКлар арасында жаңыча ыкма менен иштеп алдыңкы орундарга чыкты.

Жакынкы чет мамлекеттердеги Sputnik порталы улуттук жана орус тилинде чыгып, окурмандарга түрдүү мультимедиалык материалдарды сунуштайт.

Инфографика, видео, сүрөт түрмөгү, онлайн-эфирлер, сурамжылоо жана подкасттарды таап окусаңыздар болот. Күнүмдүк жаңылыктардан тышкары, Sputnik агенттиги аналитикалык материалдарды жана эксклюзивдүү маектерди да окурмандарга тартуулап келет.

Жаңылыктар түрмөгү
0