09:45 21 Аяк оона 2019
Түз эфир
  • USD69.8317
  • EUR77.1501
  • RUB1.0937
Sputnik Кыргызстан маалымат агенттиги менен радиосунун жооптуу редактору Канышай Бешбаева

Sputnik Pro: маалыматты кантип так жана ыкчам жазуу керек

© Sputnik / Табылды Кадырбеков
Пресс-релиздер
Кыскача шилтеме алуу
151 0 0

Окутууга Кыргыз улуттук университетинин, И.Арабаев атындагы мамлекеттик университеттин жана Кувейт эл аралык университетинин журналистика факультетинин студенттери келди.

БИШКЕК, 28-ноя. Sputnik маалымат кызматы. Sputnik Кыргызстан маалымат агенттиги менен радиосунун жооптуу редактору Канышай Бешбаева бир канча жогорку окуу жайлардын студенттери үчүн чеберчилик сабагын өттү.

Окутууга Кыргыз улуттук университетинин, И.Арабаев атындагы мамлекеттик университеттин жана Кувейт эл аралык университетинин журналистика факультетинин студенттери келди.

Ал маалымат агенттигиндеги жооптуу редактордун ишинин өзгөчөлүгү, ыкчам маалыматтарды берүүнүн ыкмалары, автордук материалдарды даярдоонун жүрүшүндөгү редактордун ролу туурасында айтып берди.

  • Мастер-класс выпускающего редактора Sputnik Канышай Бешбаевой студентам вузов
    Sputnik Кыргызстан маалымат агенттиги менен радиосунун жооптуу редактору Канышай Бешбаева бир канча жогорку окуу жайлардын студенттери үчүн чеберчилик сабагын өттү.

1 / 3
© Sputnik / Табылды Кадырбеков
Sputnik Кыргызстан маалымат агенттиги менен радиосунун жооптуу редактору Канышай Бешбаева бир канча жогорку окуу жайлардын студенттери үчүн чеберчилик сабагын өттү.

"Маалымат агенттигинин негизги ролу — коомчулукту сапаттуу жана шексиз кабарлар менен камсыздоо. Мен студенттерге жаңылыктардын түрү, түзүмү, аны жазуунун эрежеси, маалыматка коюлган талаптар боюнча айтып бердим. Алардын бул кесипке болгон кызыгуусу менен энтузиазмын көрүү мага абдан жагымдуу болду. Суроолорду көп беришти. Бул жолугушуу мага да, аларга да пайдалуу болду", — деди Бешбаева.

SputnikPro — бул Россиянын мыкты медиа-менеджерлеринин жана алдыңкы адистеринин презентация жана мастер-класстары. Алар өз тажрыйбаларын журналисттер, маалымат катчылар, жогорку курстун студенттери менен бөлүшөт.

Белгилей кетсек, SputnikPro долбоору 2018-жылы жазында башталып, Белоруссиянын, Грузия, Азербайжан жана Армениянын медиа коомчулугунун жогорку баасын алган.

Sputnik эл аралык маалымат агенттиги — дүйнөдөгү ири ЖМКлардын бири. Агенттик 30дан ашык тилде маалымат таратат. Токиодон Монтевидеого чейинки аймактагы ал редакциялар жана маалымат борборлору жаңылыктарды күнү-түнү жазып турат.

Үч жыл ичинде Sputnik сайты постсоветтик мамлекеттердеги ЖМКлар арасында жаңыча ыкма менен иштеп алдыңкы орундарга чыкты.

Жакынкы чет мамлекеттердеги Sputnik порталы улуттук жана орус тилинде чыгып, окурмандарга түрдүү мультимедиалык маалыматтарды сунуштайт.

Инфографика, видео, сүрөт түрмөгү, онлайн-эфирлер, сурамжылоо жана подкасттарды таап окусаңыздар болот. Күнүмдүк жаңылыктардан тышкары, Sputnik агенттиги аналитикалык материалдарды жана эксклюзивдүү маектерди да окурмандарга сунуштайт.

Тема боюнча

Түз эфирде кантип кызыктуу маек курса болот? SputnikPro долбоору
Белгилер:
редактор, сабак, чебер, окутуу, студент, Канышай Бешбаева, Бишкек

ЭҢ МААНИЛҮҮ