09:45 21 Аяк оона 2019
Түз эфир
  • USD69.8317
  • EUR77.1501
  • RUB1.0937
Sputnik Кыргызстан маалымат агенттиги менен радиосу режиссер Сүйүн Откеевдин Мегатой-2 кинокомедиясынын экинчи бөлүгүнүн медиа өнөктөшү болду

Sputnik Кыргызстандын кеңсесинде "Мегатой-2" кинокомедиясынын эпизоддору тартылды

© Sputnik / Табылды Кадырбеков
Пресс-релиздер
Кыскача шилтеме алуу
207 0 0

Кинокомедиянын премьерасы 2018-жылдын июнь айында болмокчу.

БИШКЕК, 21-май — Sputnik маалымат кызматы. Sputnik Кыргызстан маалымат агенттиги менен радиосу режиссер Сүйүн Откеевдин "Мегатой-2" кинокомедиясынын экинчи бөлүгүнүн медиа өнөктөшү болду.

  • Sputnik Кыргызстан маалымат агенттиги менен радиосу режиссер Сүйүн Откеевдин Мегатой-2 кинокомедиясынын экинчи бөлүгүнүн медиа өнөктөшү болду
    Sputnik Кыргызстан маалымат агенттиги менен радиосу режиссер Сүйүн Откеевдин "Мегатой-2" кинокомедиясынын экинчи бөлүгүнүн медиа өнөктөшү болду
    © Sputnik / Табылды Кадырбеков
  • Медиа өнөктөштүктүн алкагында кинотасманын кээ бир эпизоддору Sputnik Кыргызстандын кеңсесинде тартылып, ага агенттиктин кызматкерлери катышты
    Медиа өнөктөштүктүн алкагында кинотасманын кээ бир эпизоддору Sputnik Кыргызстандын кеңсесинде тартылып, ага агенттиктин кызматкерлери катышты
    © Sputnik / Табылды Кадырбеков
  • Тасманын негизги бөлүгү тартылып бүтүп, ал эми биз сөз кылып жаткан процесстер картинанын финалдык бөлүгү болду
    Тасманын негизги бөлүгү тартылып бүтүп, ал эми биз сөз кылып жаткан процесстер картинанын финалдык бөлүгү болду
    © Sputnik / Табылды Кадырбеков
  • Мегатой-2 кинокомедиясынын премьерасы 2018-жылдын июнь айында болмокчу.
    "Мегатой-2" кинокомедиясынын премьерасы 2018-жылдын июнь айында болмокчу.
    © Sputnik / Табылды Кадырбеков
1 / 4
© Sputnik / Табылды Кадырбеков
Sputnik Кыргызстан маалымат агенттиги менен радиосу режиссер Сүйүн Откеевдин "Мегатой-2" кинокомедиясынын экинчи бөлүгүнүн медиа өнөктөшү болду

Медиа өнөктөштүктүн алкагында кинотасманын кээ бир эпизоддору Sputnik Кыргызстандын кеңсесинде тартылып, ага агенттиктин кызматкерлери катышты. Тасманын негизги бөлүгү тартылып бүтүп, ал эми биз сөз кылып жаткан процесстер картинанын финалдык бөлүгү болду.

"Мегатой-2" кинокомедиясынын премьерасы 2018-жылдын июнь айында болмокчу. Анын тизерин Sputnik Кыргызстандын сайтынан көрүүгө болот. Кызматташтыктын алкагында аталган радионун эфиринде жана агенттиктин социалдык тармактагы баракчасында билеттер ойнотулмакчы.

"Мегатой-2" комедия жанрындагы картина. Биринчи тасмада келинчекти алып кете турган күйөө, достору жана жеңелери жаңылып башка колуктунун үйүнө келип алышат. Ал эми кинонун экинчи бөлүгүндө кыз-күйөөнүн ата-энеси таанышып, калың маселесин кызыл чеке болуп талкуулашат. Фильмди үй-бүлө мүчөлөрү менен бирге отуруп көрсө болот. Юмор аркылуу үйлөнүүдөгү кээ бир маселелер башкача өңүттө ачып берилет.

Sputnik Кыргызстан ишин өлкөдө 2014-жылдан тарта баштаган. Анын кыргыз, орус тилдериндеги маалымат порталы, жогорку технологиядагы мультимедиалык маалымат борбору бар.

Sputnik Кыргызстандын жаңылыктар порталы өлкөдөгү алдыңкы орунда турган интернет-ЖМКлардын сап башында турат.

Sputnik (sputniknews.com) – ондогон өлкөдө жайгашкан мультимедиалык маалымат хабдары бар маалымат агенттиги жана радиосу. Sputnik өзүнө 30 тилден ашуун жазылган сайттарды, аналогдук жана санарип радиоберүү, мобилдик тиркеме жана социалдык тармактардагы баракчаларды камтыйт. Sputnik агенттигинин жаңылык түрмөгү күнү-түнү араб, англис, испан жана кытай тилдеринде жарык көрөт.

* LiveInternet 2018-жылдын март айына чыгарган бүтүмдөрүнө ылайык.

Тема боюнча

Sputnik Кыргызстан агенттиги студенттер менен тажрыйба бөлүштү
Исаков Sputnik агенттигинин журналисттерин "Сынган кылыч" долбоору үчүн сыйлады
Белгилер:
тасма, кино, Sputnik Кыргызстан, Кыргызстан

ЭҢ МААНИЛҮҮ