Француздар, немистер, италиялыктар Путинди дүйнөдөгү эң күчтүү лидер деп эсептешет

© Sputnik / Алексей Никольский / Медиабанкка өтүүРоссиянын президенти Владимир Путин. Архив
Россиянын президенти Владимир Путин. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Сурамжылоо Sputnik.Пикир долбоорунун алкагында Ifop компаниясы тарабынан жүргүзүлгөн.

БИШКЕК, 7-май — Sputnik. Француздар, немистер, италиялыктар Россиянын президенти Владимир Путинди дүйнөдөгү эң күчтүү лидер деп эсептешет. Сурамжылоо Sputnik.Пикир долбоорунун алкагында Ifop компаниясы тарабынан жүргүзүлгөн.

Сурамжылоого катышкан немистердин (34 пайыз), француздардын (34 пайыз) жана италиялыктардын (38 пайыз) үчтөн бири учурда дүйнөдөгү эң күчтүү лидер деп Путинди эсептешет.

Экинчи орунда Дональд Трамп турат. Ал үчүн француздардын 25 пайызы, немистердин 27 пайызы жана италиялыктардын 29 пайызы добуш берген. Дональд Трамп үчүн АКШ менен Улуу Британиянын гана тургундары көп добуш берген. Америкалыктардын 43 пайызы жана британиялыктардын 33 пайызы Трампты колдосо, Путин үчүн 23 жана 26 пайыз добуш беришкен.

Үчүнчү орунга Кытайдын лидери Си Цзиньпин чыккан. Ал үчүн француздардын 17 пайызы, немистердин 19 пайызы, италиялыктардын 13 пайызы, британиялыктарын 9 пайызы жана америкалыктардын 4 пайызы өз добушун берген.

Ал эми Франция, Германия жана Улуу Британияда жашаган аялдардын басымдуу бөлүгү Россиянын президентин эң күчтүү деп аташкан.

Сурамжылоо 22-марттан 27-мартка чейин Франциянын коомдук пикирди изилдей турчу IFop компаниясы тарабынан жүргүзүлгөн. Ага 18 жаштан жогору 5029 киши катышып, респонденттердин жашы, жынысы жана жашаган аймагы боюнча тең салмактуулук сакталган.

Sputnik.Пикир долбоору тууралуу маалымат

Россиянын президенти Владимир Путин жана АКШнын президенти Дональд Трамп жолугушуу учурунда. Архив - Sputnik Кыргызстан
Лавров: Путин да, Трамп да кагылышууларга жол бербейт
Коомдук пикирди иликтөөгө алган эл аралык долбоор 2015-жылдын январь айында ишке кирген. Долбоордун өнөктөштөрү болуп Populus, Ifop жана forsa ири изилдөөчү компаниялар эсептелет. Sputnik.Пикир долбоорунун алкагында Европа өлкөлөрү менен АКШда социалдык маанилүү маселелер боюнча сурамжылоо жүргүзүлүп келет.

Sputnik (sputniknews.com) – ондогон өлкөдө жайгашкан мультимедиалык маалымат хабдары бар маалымат агенттиги жана радиосу. Sputnik өзүнө 30 тилден ашуун жазылган сайттарды, аналогдук жана санарип радиоберүү, мобилдик тиркеме жана социалдык тармактардагы баракчаларды камтыйт. Sputnik агенттигинин жаңылык түрмөгү күнү-түнү англис, испан жана кытай тилдеринде жарык көрөт.

Жаңылыктар түрмөгү
0