Sputnik Кыргызстан болочок кесип ээлери үчүн SputnikBilim долбоорун баштады

© Sputnik / Александр Гальперин / Медиабанкка өтүүSputnik маалымат агенттигинин логотиби. Архив
Sputnik маалымат агенттигинин логотиби. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жолугушуулар мастер-класс форматында өтүп, катышуучулар адиске каалаган суроосун берсе болот

БИШКЕК, 12-апр. — Sputnik. Sputnik Кыргызстан маалымат агенттиги жана радиосу мультимедиалык маалымат борборунун базасында SputnikBilim билим берүү долбоорун баштады.

Долбоор окуучу, студент жана жаңы иштей баштаган адистерге иш жүзүндө тажрыйба берүү максатын көздөйт.

Анын алкагында жаштар ийгиликтүү ишкерлер, маданият өкүлдөрү, илимпоздор жана потенциалдык жумуш берүүчүлөр менен көрүшө алат.

Жолугушуу мастер-класс форматында өтүп, катышуучулар адиске каалаган суроосун берсе болот.

Sputnik Кыргызстан агенттигинин жетекчиси Елена Череменина белгилеп кеткендей, агенттикте заманбап медиатехнология жана профессионалдар командасы иштейт.

"Андыктан биз бир гана күндүн маанилүү жаңылыктарын чагылдырбастан, өз тажрыйбабыз менен бөлүшүү үчүн билим берүү, маданият, тарых, туризм, экономика тармагы боюнча мыкты долбоорлорду уюштуруп турабыз", — деди Череменина.

Кыргызстандын медиа айдыңында Sputnik Кыргызстан ишин 2014-жылдын декабрь айында баштаган. Ал кыргыз жана орус тилдеринде иш алып барып барат, агенттиктен сырткары радио жана жогорку технология менен камсыздалган мультимедиалык маалымат борбору бар.

Sputnik Кыргызстан маалымат агенттиги жана радиосунун улук корреспонденти Нургүл Максутова Кыргыз-түрк Манас университетинин коммуникация факультетинин студенттери менен жолукту - Sputnik Кыргызстан
Sputnik Кыргызстан агенттиги студенттер менен тажрыйба бөлүштү
Sputnik Кыргызстандын жаңылыктар порталы өлкөдөгү алдыңкы орунда турган интернет-ЖМКлардын сап башында турат.

Кыргызстанда Sputnik мультимедиалык маалымат борбору (Бишкек ш., Эркиндик бульвары, 46) — түз телеберүүлөрдөн тартып дүйнөнүн булуң-бурчу менен видеокөпүрө түзүүгө чейинки ар кыл форматтагы иш-чараларды өткөрүүгө мүмкүндүк берүүчү жогорку технологиялык жабдууга ээ заманбап медиа аянтчасы. Меймандар менен журналисттер үчүн ыңгайлуу маалымат жыйын, маалыматтарды кабыл алуу жана берүү үчүн инфраструктура, анын ичинде Wi-Fi бар.

Sputnik (sputniknews.com) – ондогон өлкөдө жайгашкан мультимедиалык маалымат хабдары бар маалымат агенттиги жана радиосу. Sputnik өзүнө 30 тилден ашуун жазылган сайттарды, аналогдук жана санарип радиоберүү, мобилдик тиркеме жана социалдык тармактардагы баракчаларды камтыйт. Sputnik агенттигинин жаңылык түрмөгү күнү-түнү араб, англис, испан жана кытай тилдеринде жарык көрөт.

* LiveInternet 2018-жылдын март айына чыгарган бүтүмдөрүнө ылайык.

Жаңылыктар түрмөгү
0