Европалыктар башка өлкөлөрдөгү шайлоого Россия эмес, АКШ таасир этет деген пикирде

© Sputnik / Павел Лисицын / Медиабанкка өтүүАКШнын желеги. Архив
АКШнын желеги. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бардык өлкөлөрдөгү шайлоолорго АКШнын таасири жогору деген пикир көбүнчө жаштар (35 жаштан төмөнкүлөр) жана жогорку билимдүү адамдар арасында айтылган

БИШКЕК, 12-окт — Sputnik. Сурамжылоолордун жыйынтыгында, европалыктардын басымдуу бөлүгү башка өлкөлөрдөгү шайлоолорго Россия эмес, АКШ таасир этет деп эсептешери анык болду.

Франциянын тургундарынын 43 пайызы, ошондой эле санда поляктар, 41 пайыз немецтер жана Улуу Британиядагы сурамжылангандардын үчтөн бири (33%) мындай пикирди карманат.

Кайсы мамлекеттер бөлөк өлкөнүн шайлоосуна кийлигишет?
Кайсы мамлекеттер бөлөк өлкөнүн шайлоосуна кийлигишет? - Sputnik Кыргызстан
Кайсы мамлекеттер бөлөк өлкөнүн шайлоосуна кийлигишет?

Ал эми Россия шайлоолорго кийлигишет деп континенталдык Европада – поляктардын үчтөн биринен азыраагы – 29 пайыз, немецтердин 28пайызы жана француздардын 27 пайызы эсептейт. Ал эми Британияда суралгандардын бештен бир бөлүгүнөн бир аз көбүрөөгү (21%) да ушундай ойдо.

Ошону менен бирге эле Улуу Британияда башка мамлекеттердеги шайлоолордун өтүшүнө Евросоюз кийлигишет деп эсептегендердин саны жогору – 18 пайыз, ал эми Францияда мындай пикирдегилер – 8 пайыз, Германияда – 10 жана Польшада – 12 пайызды түзөт.

Ирандын президенти Хасан Роуханинин архивдик сүрөтү - Sputnik Кыргызстан
Роухани: Трамптын ону келсе да Иран өзөктүк курал келишиминен баш тартпайт
Кызыгы, бардык өлкөлөрдөгү шайлоолорго АКШнын таасири жогору деген пикир көбүнчө жаштар (35 жаштан төмөнкүлөр) жана жогорку билимдүү адамдар арасында айтылат. Германия менен Польшада сурамжылоого катышкан жаштардын жарымынан көбү дал ушундай жооп беришкен (55 жана 51%). Жогорку билимдүү адамдардын арасында – поляктардын 53 пайызы, немецтердин 47 пайызы, 46 пайыз француз жана 34 пайыз британдыктар да жаштардын басымдуу бөлүгү менен бир пикирде.

Сурамжылоону Sputnik агенттиги жана радиосу үчүн 20-27-сентябрь аралыгында эзелтен бери коомдук пикирди иликтөө менен алектенген франциялык – IFop ишканасы жүргүзгөн. Анда Франция, Германия, Улуу Британия жана Польшанын 18 жаштан жогору 3228 адам катышкан. Сурамжылоонун катышуучулары калктын жыныс, курагы жана жайгашкан жери боюнча ылганган. Үлгү топтун эң жогору делген катачылыгы ар өлкөгө 95 пайыз ынанымдуулугу боюнча +/- 3,1% гана түзөт.

Sputnik.Пикирлер долбоору тууралуу маалымат: Коомдук пикирди аныктоо боюнча эл аралык долбоор 2015-жылдын январында башталган. Долбоордун өнөктөштөрү – Populus, Ifop жана Forsa өңдүү белгилүү иликтөө ишканалары. "Sputnik. Пикирлер" долбоорунун алкагында АКШ жана Европа мамлекеттеринде абдан орчундуу делген социалдык жана саясый маселелер боюнча коомдук пикирди иликтөөчү сурамжылоолор жүргүзүлүп турат.

Жаңылыктар түрмөгү
0