Эл аралык фотоконкурска катышып жаткан кыргызстандык сүрөтчүнү колдойбуз

© Фото / Иван ПоповSptunik Кыргызстан маалымат агенттиги менен радиосунун фото кабарчысы Табылды Кадырбеков
Sptunik Кыргызстан маалымат агенттиги менен радиосунун фото кабарчысы Табылды Кадырбеков - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кыргызстандан катышып жаткан Табылды Кадырбековду колдогондор 18-июлга чейин конкурстун stenincontest.ru сайтына кирип добуш бере алат

БИШКЕК, 13-июл. — Sputnik. Sptunik Кыргызстан маалымат агенттиги менен радиосунун фото кабарчысы Табылды Кадырбеков Андрей Стенин атындагы фото журналистика боюнча эл аралык конкурска Кыргызстандын атынан өзү жалгыз катышууда. Сынакты "Россия сегодня" маалымат агенттиги уюштуруп, ЮНЕСКОнун Россиядагы комиссиясынын колдоосу менен өтүүдө.

© Sputnik / Табылды КадырбековТаттуу кебездерди саткан апа
Работа фотожурналиста Sputnik Кыргызстан Табылды Кадырбекова Продавщица сладкой ваты - Sputnik Кыргызстан
Таттуу кебездерди саткан апа

Анын "Таттуу кебездерди саткан апа" деп аталган сүрөтү сынактын кыска тизмесине кирип, онлайн добуш берүүгө катышууда. Анда каалаган адам жаккан сүрөткө интернет аркылуу өзүнүн добушун бере алат. Мында ар бир добуш жеңүүчүнү аныктаганга жардам берет. Кыргызстандан катышып жаткан Табылды Кадырбековду колдойм дегендер конкурстун сайтына stenincontest.ru кирип, 18-июлга чейин саат 23.59га (Москва убактысы) чейин социалдык "ВКонтакте", Facebook, Twitter же кытайлык Weibo тармагы аркылуу добуш бере алат. Онлайн добуш берүүнүн жеңүүчүсү 19-июлда stenincontest.ru сайтына жарыяланат.

Ансамбль юных комузистов Санат - Sputnik Кыргызстан
Жаш комузчулар Сочидеги эл аралык сынакта баш байгени багындырды
Интернетте белгилүү болуп, көптөрдүн көңүлүнө жаккан сүрөттүн автору дипломго ээ болот, ал эми кесипкөй калыстардын пикири менен жеңүүчү болгондордун ысымы 7-августта аныкталат. Калыстар тобу Россиялык жана эл аралык сүрөт жана искусство коомчулуктарынын өкүлдөрүнөн туруп, ага "Штерн" журналынын фото директору Андреас Трамп төрагалык кылууда.

2016-жылы интернет-колдонуучулар "Спорт" тармагы боюнча сынакта египеттик фото журналист Гехад Хамдинин (Gehad Hamdy) "Рыцарлар" деп аталган эмгегине добушту көп беришкен. Добуш берүү башталгандан бир жарым айдан соң, тагыраагы бул жылдын май айынын соңунан бери онлайн-колдонуучулар көзгө даана урунган ачык жана күтүлбөгөн жерден, таптакыр өзгөчөлөнүп турган эмгекти тандап жатышат.

2017-жылы сынакка дүйнөнүн 76 өлкөсүнөн беш миңден ашык сүрөт жөнөтүлгөн. Калыстар тобу алардын арасынан тандап алган сүрөттөр "Негизги жаңылыктар", "Спорт", "Менин планетам" жана "Портрет. Биздин замандын каарманы" номинацияларында ат салышат. Онлайн добуш берүүнүн жыйынтыгына калыстар тобу сынактын кыска тизмесине киргизген эмгектер катышат.

Сынак тууралуу маалымат

Конкурс 18 жаштан 33 жашка чейинки катышуучулар үчүн ачык жана анын максаты сүрөтчүлөрдүн кесиптик чеберчиликке умтулуусун колдоо болуп эсептелет.

"Россия сегодня" ЭМА демилгелеген Андрей Стенин атындагы эл аралык фото журналистика конкурсу коомдун көңүлүн фото журналистиканын иш милдеттерине буруп жана жаш сүрөтчүлөрдү колдоону көздөйт. Конкурстун алкагында дүйнөлүк сүрөт коомчулугунун өкүлдөрүнө фото журналистикадагы жаңы ысымдарды таап таанышуу, колдоо жана анын жогорку стандарттарын калыптандыруу, Россияда жана жалпы эле дүйнө жүзүндө даректүү сүрөттүн сапаттык көрсөткүчтөрүн түзүү мүмкүнчүлүгүн берет.

Былтыр ага 71 мамлекеттен 6 миңден ашык эмгек жиберилген. Жеңүүчүлөрдүн сүрөттөрү Москва, Стамбул, Кейптаун, Шанхай, Пекин, Каир, Берлин, Рим, Марибор жана Люблян шаарларында сүрөт көргөзмөлөрүнө коюлган.

Свадебная пара в парке в Праге - Sputnik Кыргызстан
Фотографтын жанын кашайткан 7 учур
2017-жылы сынактын өнөктөштөрү Al Mayadeen TV, Shanghai United Media Group (SUMG), МККК, "Россия-Культура" телеканалдары, Вести.Ru, KP.ru, ЖурДом, Russian Photo порталдары, Sputnik эл аралык агенттиги жана радиосу, Askanews, Notimex, ANA, Xinhua, The Royal Photographic Society, Shanghai United Media Group (SUMG), ANDES маалымат агенттиктери, Independent Media медиахолдинги, RT телеканал жана порталы өнөктөштөрү болду.

Ал эми сынакты тармактык өнөктөш катары Сүрөттөр академиясы, ГеоФото агенттиктери, Photo-study.ru, YOung JOurnalists, PhotoVisa порталдары, Bleek Magazine онлайн журналы, Москванын журналисттер биримдиги, Визуалдык искусство мектеби, Россия сүрөтчүлөр союзу жана "Фотопарад в Угличе" фестивалы колдоого алышты.

Sputnik Кыргызстан өз ишин 2014-жылдын декабрь айында баштаган. Агенттик кыргыз жана орус тилдериндеги маалымат порталына, радиого жана жогорку технологиялык мультимедиалык маалымат борборуна ээ. Sputnik Кыргызстан маалымат агенттиги өлкөдөгү интернет ЖМКлардын ичинен алдыңкы орунда турат.

Sputnik (sputniknews.com) – ондогон өлкөдө жайгашкан мультимедиалык маалымат хабдары бар маалымат агенттиги жана радиосу. Sputnik агенттиги маалыматтарды 30дан ашык тилде таратат. Андан сырткары аналогдук жана санарип радиоберүү, мобилдик тиркеме жана социалдык тармактарда баракчалар бар. Sputnik агенттигинин жаңылык түрмөгү күнү-түнү англис, испан, кытай жана башка ондогон тилдерде жарык көрөт.

Жаңылыктар түрмөгү
0