06:06 20 Жетинин айы 2017
Түз эфир
Ты супер долбоорунун катышуучулары

Sputnik агенттиги "Ты супер!" шоусунун катышуучуларына сыйлык тапшырды

© Sputnik / Евгения Новоженина
Пресс-релиздер
Кыскача шилтеме алуу
71 0 0

"Ты супер!" конкурсу НТВ жана Sputnik эл аралык маалымат агенттиги тарабынан демилгеленип, Россиянын Билим берүү жана илим министрлигинин колдоосу менен уюштурулган.

БИШКЕК, 27-май — Sputnik. Эл аралык Sputnik агенттиги жана радиосу КМШ жана Балтика өлкөлөрүнүн "Ты супер" долбооруна катышкан жаш таланттарга атайын сыйлыктарды тапшырды. Аталган шоу бүгүн НТВ каналында жыйынтыкталды. 

Таланттуу балдар сыйлыктарды Sputnik эл аралык маалымат агенттиги жана радиосунун башкы редактору Маргарита Симоньяндын колунан алышты. 

Сегиз жаштан 18 жашка чейин 11 мамлекеттен келген балдар "Орленок" балдар борборунда эс алууга мүмкүнчүлүк алышты. Sputnik агенттигинин белектеринин арасында А.С. Пушкин атындагы орус тили мамлекеттик институтунун базасында онлайн-курстарды өтүү үчүн сертификаттар бар. 

"Биз бала кезден бери дүйнөнү сулуулук сактайт деген кептерди акылыбызга түйүп келебиз. Бирок менимче дүйнөнү мээримдүүлүк сактайт. Бул долбоор ар кайсы өлкөдөн келген балдарды достоштуруу максатында уюштурулган. Биздин мекенибиз ушундай, баардыгына койну кенен. Мен буга ыраазымын. Биз баарбыз супербиз!" — деди Симоньян.

"Ты супер!" конкурсу НТВ жана Sputnik эл аралык маалымат агенттиги тарабынан демилгеленип, Россиянын Билим берүү жана илим министрлигинин колдоосу менен уюштурулган. Музыка жаатында таланттуу балдар КМШ жана Балтика боюндагы мамлекеттеринен келишкен. 

Sputnik (sputniknews.com) – ондогон өлкөдө жайгашкан мультимедиалык маалымат хабдары бар маалымат агенттиги жана радиосу. Sputnik өзүнө 30 тилден ашуун жазылган сайттарды, аналогдук жана санарип радиоберүү, мобилдик тиркеме жана социалдык тармактардагы баракчаларды камтыйт. Sputnik агенттигинин жаңылык түрмөгү күнү-түнү англис, испан жана кытай тилдеринде жарык көрөт.

Тема боюнча

Sputnik Көлдөгү Жибек жолу марафонунун өзгөчө катышуучуларын сыйлады
Белгилер:
сыйлык, "Ты – супер" балдар долбоору, НТВ, Sputnik, Маргарита Симоньян
Колдонуу эрежелериПикирлер

ЭҢ МААНИЛҮҮ