Sputnik Көлдөгү Жибек жолу марафонунун өзгөчө катышуучуларын сыйлады

© Sputnik / Табылды КадырбековМеждународный марафон Run the Silk Road в Чолпоне-Ате
Международный марафон Run the Silk Road в Чолпоне-Ате - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Легендарлуу жөө күлүк Сатымкул Жуманазаровдун элесине арналган Run the Silk Road эл аралык марафону 2011-жылдан бери Ысык-Көлдүн жээгинде өткөрүлүп келет.

БИШКЕК, 13-май — Sputnik. Run the Silk Road (Жибек жолундагы чуркоо) эл аралык марафонунун өнөктөшү Sputnik Кыргызстан маалымат агенттиги жана радиосу иш-чаранын өзгөчө катышуучуларына байге тапшырды.

Чолпон-Ата шаарында өткөн сыйлоо аземинде агенттик өзүнүн бренддик футболкалары менен кепкаларын марафондун эң улуу катышуучусуна жана мүмкүнчүлүгү чектелген адамга ыйгарды. Байгелер 42 чакырым 195 метр, 21 чакырым 97 метр, 10 жана 5 чакырым аралыкка чуркагандарга берилди.

Мындан тышкары, Sputnik Кыргызстан агенттиги аталган спорттук иш-чарага маалыматтык жактан колдоо көрсөттү. Агенттиктин жетекчиси Елена Череменинанын айтымында, спорт артыкчылыктуу темалардын катарында турат.

"Биз зор кубаныч менен бул иш-чараны колдодук, спорттун негизги максаты — адамдарды бириктирип, кубаныч тартуулоо", — деди ал.

Международный марафон Run the Silk Road в Чолпоне-Ате - Sputnik Кыргызстан
Ысык-Көлдө өтүп жаткан эл аралык марафондо үч кыргызстандык жеңүүчү аталды
Sputnik Кыргызстан өз ишин 2014-жылдын декабрь айында баштаган. Агенттиктин карамагында кыргыз жана орус тилдериндеги маалымат порталы, радиоресурс жана жогорку технологиялык мультимедиалык маалымат борбору бар. Sputnik Кыргызстан өлкөдөгү интернет ЖМКлардын ичинен алдыңкы катарды ээлейт.

Sputnik Кыргызстан ондогон өлкөлөрдө мультимедиалык хабдары бар эл аралык маалымат агенттиги жана радиосунун бир бөлүгү. Sputnik өз карамагына 30дан ашуун тилде жарык көргөн сайттарды, аналогдук жана санарип радиоберүү, мобилдик тиркемелерди, жана социалдык тармактагы баракчаларды камтыйт. Катталуучулар үчүн жаңылыктар англис, араб, испан жана кытай тилдеринде жарыяланат.

Легендарлуу жөө күлүк Сатымкул Жуманазаровдун элесине арналган Run the Silk Road эл аралык марафону 2011-жылдан бери Ысык-Көлдүн жээгинде өткөрүлүп келет. Спорттук иш-чарага ар бир каалоочу, ошондой эле жакынкы жана алыскы чет мамлекеттерден келген жөө күлүктөр катыша алат.

Жаңылыктар түрмөгү
0