06:06 20 Жетинин айы 2017
Түз эфир
Sputnik Улуу Жеңиштин урматына Георгий тасмасын тапшырат

Sputnik Улуу Жеңиштин урматына Георгий тасмасын тапшырат

© Sputnik / Табылды Кадырбеков
Пресс-релиздер
Кыскача шилтеме алуу
Улуу Жеңишке 72 жыл (28)
46 0 0

"Георгий тасмасы" аталышындагы акцияны уюштуруу демилгеси 2005-жылы көтөрүлүп ишке аша баштаган.

БИШКЕК, 4-май. – Sputnik. Улуу Жеңиш күнүн майрамдоонун алкагында Sputnik Кыргызстан маалымат агенттиги жана радиосу Бишкек шаарынын тургундарын жыл сайын өткөрүлчү "Георгий тасмасы" акциясына катышууга чакырат.

Sputnik уюштуруп жаткан акция 9-май күнү Бишкек убактысы боюнча эртең мененки саат 9.00дө Дайыр Асанов атындагы Жеңиш паркында башталат. Ар бир каалоочу Sputnik агенттигинин ыктыярчылары тарабынан Улуу Ата Мекендик согуштун баатырларынын символу болгон Георгий тасмасын ала алат.

"Sputnik жыл сайын "Георгий тасмасы" эл аралык акциясына катышып келет. Бардыгыбыз үчүн бул — жеңиштин, достуктун жана өзгөртүүгө мүмкүн болбогон улуу тарыхтын символу. Акцияга катышып жаткандарга ыраазычылык билдирем", — деди Sputnik Кыргызстан агенттигинин жетекчиси Елена Череменина.

"Георгий тасмасы" акциясын уюштуруу идеясы 2005-жылы "Россия сегодня" (2005-2013 жылдары "РИА Новости") маалымат агенттиги менен "Студенческая община" коомдук уюму тарабынан уюштурулган. Ошондон бери акция бүткүл россиялык гана эмес, эл аралык деңгээлде өткөрүлө баштаган. 2009-жылдан бери Георгий тасмасы Росскызматташуунун чет мамлекеттердеги өкүлчүлүктөрүндө таркатылып келет.

Аталган акция 10 жылдан ашык убакыттан бери коомдук жана коммерциялык уюмдар тарабынан да уюштурулуп келет. Миллиондогон адамдар үчүн Георгий тасмасы Улуу Жеңиштин символу. Иш-чара 2016-жылдан бери миңдеген ыктыярчылар тарабынан "Россия сегодня" эл аралык маалымат агенттигинин маалыматтык колдоосу менен ишке ашырылып келет.

Sputnik Кыргызстан өз ишин 2014-жылдын декабрь айында баштаган. Агенттиктин активинде кыргыз жана орус тилдериндеги маалымат порталы, радиоресурс жана жогорку технологиялык мультимедиалык маалымат борбору бар. Sputnik Кыргызстан өлкөдөгү интернет ЖМКлардын ичинен алдыңкы катарды ээлейт.

Sputnik Кыргызстан ондогон өлкөлөрдө мультимедиалык хабдары бар эл аралык маалымат агенттиги жана радиосунун бир бөлүгү болуп саналат. Sputnik өз карамагына 30дан ашуун тилде жарык көргөн сайттарды, аналогдук жана санарип радиоберүү, мобилдик тиркемелерди, жана социалдык тармактагы баракчаларды камтыйт. Катталуучулар үчүн жаңылыктар англис, араб, испан жана кытай тилдеринде жарыяланат.

Тема:
Улуу Жеңишке 72 жыл (28)

Тема боюнча

Үч бурчтук каттар. Согушка кеткендердин катын урпактары архивдин сайтынан окуй алат
Улуу Жеңиш күнүнө карата Бишкекте өтчү иш-чаралардын планы
Белгилер:
Георгий лентасы, Улуу Жеңиш, Улуу Ата Мекендик согуш, Sputnik Кыргызстан
Колдонуу эрежелериПикирлер

ЭҢ МААНИЛҮҮ