06:05 20 Жетинин айы 2017
Түз эфир
Бишкек шаарындагы Ала-Тоо аянты. Архив

Sputnik Кыргызстан Бишкекти 3D форматта көрсөтөт

© Sputnik / Акылбек Батырбеков
Пресс-релиздер
Кыскача шилтеме алуу
128 0 0

Кыргызстандын борборуна арналган майрамдык иш-чараны Sputnik сүрөт түрмөктөрү жана репортаждар аркылуу дагы чагылдырып турат.

БИШКЕК, 28-апр. — Sputnik. Sputnik Кыргызстан маалымат агенттиги жана радиосу Бишкек шаарынын күнүнө карата калаа тургундары менен анын конокторуна шаардын эң кооз жерлерин 3D форматта көрсөтүп берет.

3D-панорама долбоору аркылуу Sputnik Ала-Тоо аянты, Чыңгыз Айтматов атындагы эмен багы, Кыргыз улуттук филармония жана башка көптөгөн кызыктуу жерлер тууралуу маалымат берет. Майрамдык иш-чараны Sputnik сүрөт түрмөктөрү жана репортаждар аркылуу дагы чагылдырып турат. Бишкек шаарынын күнүнө карата майрамдык программаны Sputnik агенттигинен көрсөңүздөр болот.

"Мамлекеттин негизги шаары болгон Бишкек тууралуу маалыматтарды Sputnik Кыргызстан агенттиги кубануу менен чагылдырат. Калаанын туулган күнүнө карата Sputnik шаар жана анда жашаган элге бакубат жашоо каалайт", — деп Sputnik Кыргызстан агенттигинин жетекчиси Елена Череменина билдирди.

Калаа күнүнө карата "Ала-Тоо" аянтында Бишкек мэриясы тарабынан уюштурулган фотокөргөзмө уюштурулду. Көргөзмөгө белгилүү фотографтардын, анын ичинде Sputnik Кыргызстан маалымат агенттиги жана радиосунун сүрөтчүсү Акылбек Батырбековдун эмгектери да бар.

Sputnik Кыргызстан өз ишин 2014-жылдын декабрь айында баштаган. Агенттиктин активинде кыргыз жана орус тилдериндеги маалымат порталы, радиоресурс жана жогорку технологиялык мультимедиалык маалымат борбору бар. Sputnik Кыргызстан өлкөдөгү интернет ЖМКлардын ичинен алдыңкы катарды ээлейт.

Sputnik Кыргызстан ондогон өлкөлөрдө мультимедиалык хабдары бар эл аралык маалымат агенттиги жана радиосунун бир бөлүгү болуп саналат. Sputnik өз карамагына 30дан ашуун тилде жарык көргөн сайттарды, аналогдук жана санарип радиоберүү, мобилдик тиркемелерди, жана социалдык тармактагы баракчаларды камтыйт. Катталуучулар үчүн жаңылыктар англис, араб, испан жана кытай тилдеринде жарыяланат. *

*LiveInternet версиясы боюнча 2017-жылдын марттын ичинде

Тема боюнча

Бишкек кандай болуп өзгөрдү. "Ала-Тоо" аянтындагы сүрөт көргөзмө
Белгилер:
Шаар күнү, Sputnik Кыргызстан, Бишкек
Колдонуу эрежелериПикирлер

ЭҢ МААНИЛҮҮ