06:06 20 Жетинин айы 2017
Түз эфир
Sputnik Кыргызстан к Дню Победы запустил акцию #ОднаНаВсех

Sputnik Кыргызстан Жеңиш күнүнө карата "Баарыбызга таандык" акциясын баштады

© Sputnik
Пресс-релиздер
Кыскача шилтеме алуу
Улуу Жеңишке 72 жыл (28)
6710

Акциянын өнөктөштөрү — НТВ телекомпаниясы менен "Одноклассники" соцтармагы.

БИШКЕК, 24-апр. — Sputnik. Улуу Жеңиш майрамынын босогосунда Sputnik Кыргызстан агенттиги НТВ телекомпаниясы жана "Одноклассники" соцтармагы менен биргеликте КМШ жана Балтика өлкөлөрүнүн арасында "Баарыбызга таандык " масштабдуу акциясын баштады.

Аталган акциянын алкагында ар бир интернет колдонуучу Булат Окуджаванын "Нам нужна одна Победа" чыгармасын аткарып, ал видеону Sputnik агенттигинин "Одноклассники" тармагындагы баракчасына, ОК, НТВ телеканалынын расмий сайттарына жана OK Live тиркемеси аркылуу интернетке жүктөшү керек. Ага #ОднаНаВсех хещтегин коюуну унутпаңыз. Мыкты делген видеолор КМШ жана Балтика өлкөлөрүнүн Sputnik порталдарына чыгып, НТВ каналынан көрсөтүлөт.

Ошондой эле Sputnik ардагерлер, хор коллективдери, КМШнын белгилүү музыканттары, КМШ жана Балтика өлкөлөрүнүн Sputnik журналисттеринин катышуусунда видео долбоорду баштады. Катышуучулар аталган легендарлуу ырдан үзүндүлөрүн аткарышат.

9-май күнү Армения, Белоруссия, Молдова жана Кыргызстандын Sputnik сайттарында негизги аянттагы майрамдык салтанатты түз алып көрсөтүү болот.

Долбоордун максаты — Улуу Ата Мекендик согушка катышкан жоокерлердин жаркын элесин жүрөктө сактоо жана урпактардын бири-бири менен байланышын көрсөтүү.

Sputnik Кыргызстан өз ишин 2014-жылдын декабрь айында баштаган. Агенттиктин активинде кыргыз жана орус тилдериндеги маалымат порталы, радиоресурс жана жогорку технологиялык мультимедиалык маалымат борбору бар. Sputnik Кыргызстан өлкөдөгү интернет ЖМКлардын ичинен алдыңкы катарды ээлейт. 

Sputnik Кыргызстан ондогон өлкөлөрдө мультимедиалык хабдары бар эл аралык маалымат агенттиги жана радиосунун бир бөлүгү болуп саналат. Sputnik өз карамагына 30дан ашуун тилде жарык көргөн сайттарды, аналогдук жана санарип радиоберүү, мобилдик тиркемелерди, жана социалдык тармактагы баракчаларды камтыйт. Катталуучулар үчүн жаңылыктар англис, араб, испан жана кытай тилдеринде жарыяланат.

* LiveInternet версиясы боюнча 2017-жылдын марттын ичинде

Тема:
Улуу Жеңишке 72 жыл (28)

Тема боюнча

Активисттер Улуу Ата Мекендик согушта каза болгон 13 баатырдын туугандарын тапты
Согушка катышкандардын эстелиги үчүн алынган насыя сотко жетти
Белгилер:
ыр, эскерүү, акция, Улуу Ата Мекендик согуш, Sputnik Кыргызстан
Колдонуу эрежелериПикирлер

ЭҢ МААНИЛҮҮ