Трамптын саясаты дүйнө коопсуздугуна кандай таасир этет. Европалыктардын пикири

© REUTERS / Joshua RobertsАКШнын президенти Дональд Трамптын архивдик сүрөтү
АКШнын президенти Дональд Трамптын архивдик сүрөтү - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Sputnik европалыктардын арасында сурамжылоо жүргүзүп, аларга Дональд Трамптын президенттиги жер жүзүндөгү коопсуздукка кандай таасир этээри тууралуу суроо салды.

БИШКЕК, 11-апр. — Sputnik. Улуу Британия, Германия, Франция, Түркия, Италия жана Бразилия элинин басымдуу бөлүгү Дональд Трамптын президенттикке шайланышы менен дүйнөдөгү абал кооптуураак болорун айткан. Американын өзүндө жана италиялыктардын жарымынан көбү да дал ушундай пикирде. Бул Sputnik маалымат агенттиги жана радиосу үчүн TNS Global компаниясы тарабынан жүргүзүлгөн сурамжылоонун жыйынтыгы.

7-апрелге караган түнү Трамп Сириянын Хомс провинциясындагы Шайрат аэродромуна авиасокку уруу боюнча буйрук берген. Натыйжада ондогон сириялык аскер кызматкерлери каза тапкан. Көз жумгандардын арасында жай тургундар менен төрт бала бар экени маалым болду.

Сурамжылоо: Трамп президент болгондон кийин дүйнө коопсуз болуп калбайт
Сурамжылоо: Трамп президент болгондон кийин дүйнө коопсуз болуп калбайт - Sputnik Кыргызстан
Сурамжылоо: Трамп президент болгондон кийин дүйнө коопсуз болуп калбайт

Сурамжылоого катышкандардан Трамптын учурунда дүйнөдөгү абалдын кооптуу же коопсуз болору суралды. Иш-чарага ар кандай жаш курактагы, ар кыл жыныстагы жана ар кайсы жерде жашаган 7148 киши катышкан.

  • Франциядан 16 жаштан 64 жашка чейинки 1004 адам;
  • Германиядан 16 жаштан 64 жашка чейинки 1014 адам;
  • Италиядан 16 жаштан 54 жашка чейинки 1050 адам;
  • Улуу Британиядан 16 жаштан 64 жашка чейинки 1037 адам;
  • АКШдан 18 жаштан 64 жашка чейинки 1027 адам;
  • Бразилиядан 16 жаштан 54 жашка чейинки 1010 адам;
  • Түркиядан 16 жаштан 54 жашка чейинки 1006 адам.

АКШнын президенти Дональд Трамптын кызы Иванка Трамп жана күйөө баласы Джаред Кушнер. Архив - Sputnik Кыргызстан
Трамп күйөө баласын Ак үйдөгү жаңы бөлүмдүн башчылыгына дайындайт
Пайыздык катыш менен алганда сурамжылангандардын көбү Трамптын президенттиги учурунда дүйнөдөгү абал кооптуураак болорун айтышкан, ал эми германиялыктардын 72 пайызы ушундай ойдо. Коопсуз болот деген пикирин америкалыктардын 28 пайызы билдирген. Башка мамлекеттерде бул көрсөткүч 13 пайыздан ашпайт. Мындан улам абал кооптуураак дегендердин саны көп экени белгилүү болду.

Италиялыктардын дээрлик үчтөн бири (32 пайыз), түрктөрдүн 28 пайызы жана британиялыктардын 25 пайызы жер жүзүндөгү абал Трамптын келиши менен өзгөрбөйт деп эсептей турганы аныкталды.

Сурамжылоо TNS Global компаниясы тарабынан 2017-жылдын 16-22-февраль аралыгында жүргүзүлгөн. Ишенимдүүлүгү 95 пайызды түзөт.

Саясат таануучу Марс Сариев да Трамптын бийлиги дүйнөдөгү абалды туруксуздаштырышы мүмкүн деген ойдо. Анын айтымында, АКШнын аскер-деңиз күчтөрү Түндүк Кореяга бекеринен учак ташуучу кемени жөнөткөн жок. Демек, Украина, Сирия жана Түндүк Кореядагы конфликтилер ири окуяларды шартташы толук ыктымал.

"Мунун баары Трамптын саясаты менен байланыштуу болот. Ал абалды турукташтырам деген күндө да учурда үчүнчү күчтүн кысымы менен шайлоо алдындагы берген убадаларын аткарууга жана алардын кызыкчылыгы үчүн иштөөгө аргасыз. Буга Сирияга жасалган соккулар мисал. Трамп абдан чоң кысымга тушукту, башка айласы жок", — деди эксперт.

Сариев Америка аскер техникасын Европага, негизинен Балтикага толугу менен жайгаштырганын белгиледи.

Sputnik.Пикир долбоору тууралуу маалымат

Коомдук пикирди иликтөөгө алган эл аралык долбоор 2015-жылдын январь айында ишке кирген. Долбоордун өнөктөштөрү болуп Populus, Ifop жана forsa ири изилдөөчү компаниялар эсептелет. Sputnik.Пикир долбоорунун алкагында Европа өлкөлөрү менен АКШда социалдык маанилүү маселелер боюнча сурамжылоо жүргүзүлүп келет.

Sputnik (sputniknews.com) – ондогон өлкөдө жайгашкан мультимедиалык маалымат хабдары бар маалымат агенттиги жана радиосу. Sputnik өзүнө 30 тилден ашуун жазылган сайттарды, аналогдук жана санарип радиоберүү, мобилдик тиркеме жана социалдык тармактардагы баракчаларды камтыйт. Sputnik агенттигинин жаңылык түрмөгү күнү-түнү англис, испан жана кытай тилдеринде жарык көрөт.

Жаңылыктар түрмөгү
0