Sputnik Кыргызстан агенттиги президенттин ыраазычылык каты менен сыйланды

© Sputnik / Табылды КадырбековБлагодарственное письмо ОТ президента Алмазбека Атамбаева ИА и радио Sputnik Кыргызстан
Благодарственное письмо ОТ президента Алмазбека Атамбаева ИА и радио Sputnik Кыргызстан - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Сыйлык тапшыруу аземи "Ала-Арча" мамлекеттик резиденциясында премьер-министр Сооронбай Жээнбеков менен президенттин аппарат жетекчиси Сапар Исаковдун катышуусунда өттү.

БИШКЕК, 10-мар. — Sputnik. Sputnik Кыргызстан маалымат агенттиги жана радиосу II Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын мыкты чагылдырганы үчүн президент Алмазбек Атамбаевдин ыраазычылык каты менен сыйланды.

2016-жылы өткөн Көчмөндөр оюндарынын алкагында Sputnik Кыргызстан агенттиги 500гө жакын маалымат чыгарган. Анын ичине 62 мамлекеттен келген спортчулар менен эксклюзивдүү интервьюлар, сүрөт түрмөктөрү жана видеолор кирет.

© Sputnik / Табылды КадырбековSputnik Кыргызстан маалымат агенттиги жана радиосу II Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын мыкты чагылдырганы үчүн президент Алмазбек Атамбаевдин ыраазычылык каты менен сыйланды.
Sputnik Кыргызстан маалымат агенттиги жана радиосу II Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын мыкты чагылдырганы үчүн президент Алмазбек Атамбаевдин ыраазычылык каты менен сыйланды. - Sputnik Кыргызстан
1/3
Sputnik Кыргызстан маалымат агенттиги жана радиосу II Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын мыкты чагылдырганы үчүн президент Алмазбек Атамбаевдин ыраазычылык каты менен сыйланды.
© Sputnik / Жоомарт УраимовSputnik Кыргызстан маалымат агенттиги жана радиосу II Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын мыкты чагылдырганы үчүн президент Алмазбек Атамбаевдин ыраазычылык каты менен сыйланды.
Sputnik Кыргызстан маалымат агенттиги жана радиосу II Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын мыкты чагылдырганы үчүн президент Алмазбек Атамбаевдин ыраазычылык каты менен сыйланды. - Sputnik Кыргызстан
2/3
Sputnik Кыргызстан маалымат агенттиги жана радиосу II Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын мыкты чагылдырганы үчүн президент Алмазбек Атамбаевдин ыраазычылык каты менен сыйланды.
© Sputnik / Табылды Кадырбеков2016-жылы өткөн Көчмөндөр оюндарынын алкагында Sputnik Кыргызстан агенттиги 500гө жакын маалымат чыгарган.
2016-жылы өткөн Көчмөндөр оюндарынын алкагында Sputnik Кыргызстан агенттиги 500гө жакын маалымат чыгарган. - Sputnik Кыргызстан
3/3
2016-жылы өткөн Көчмөндөр оюндарынын алкагында Sputnik Кыргызстан агенттиги 500гө жакын маалымат чыгарган.
1/3
Sputnik Кыргызстан маалымат агенттиги жана радиосу II Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын мыкты чагылдырганы үчүн президент Алмазбек Атамбаевдин ыраазычылык каты менен сыйланды.
2/3
Sputnik Кыргызстан маалымат агенттиги жана радиосу II Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын мыкты чагылдырганы үчүн президент Алмазбек Атамбаевдин ыраазычылык каты менен сыйланды.
3/3
2016-жылы өткөн Көчмөндөр оюндарынын алкагында Sputnik Кыргызстан агенттиги 500гө жакын маалымат чыгарган.

Сыйлык тапшыруу аземи "Ала-Арча" мамлекеттик резиденциясында премьер-министр Сооронбай Жээнбеков менен президенттин аппарат жетекчиси Сапар Исаковдун катышуусунда өттү.

"II Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын чагылдыруудагы зор эмгегиңиздер үчүн ыраазычылык билдиребиз. Мамлекеттүүлүктү чыңдоого жана өлкөнүн эл аралык аренадагы аброюн көтөрүүгө кошкон салымыңыздарды жогору баалайбыз. Сиздердин жамаатка ийгилик, кажыбас кайрат каалайбыз", — деп президенттин катында айтылат.

Sputnik Кыргызстан агенттигинин жетекчиси Елена Череменина мындай сыйлык чоң мааниге ээ экендигин белгиледи.

"Кыргыз элинин маданиятын, таланттарын чагылдырган долбоорлорубуз мамлекеттин аброюн көтөрүүгө салым кошуп жатат деп ишенебиз. Мындай деңгээлдеги сыйлык биз үчүн чоң мааниге ээ", — деди Череменина.

Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары — Олимпиада оюндарынын аналогу, биринчи жолу Ысык-Көлдүн жээгинде 2014-жылы өткөн. Оюндар улуттук спорттун 26 түрү боюнча өтөт. 2016-жылы 62 мамлекеттин спортчулары катышкан. Жалпы 387 медаль ойнотулуп, алардын 111и алтын, дагы ушунчасы күмүш, 165и коло медаль болгон.

Лучшие интернет-ресурсы в освещении Года истории и культуры - Sputnik Кыргызстан
Sputnik Кыргызстан Тарых жана маданият жылын чагылдырууда мыкты ЖМК аталды
Sputnik Кыргызстан өз ишин 2014-жылдын декабрь айында баштаган. Агенттиктин активинде кыргыз жана орус тилдериндеги маалымат порталы, радиоресурс жана жогорку технологиялык мультимедиалык маалымат борбору бар. Sputnik Кыргызстан өлкөдөгү интернет ЖМКлардын ичинен алдыңкы катарды ээлейт.

Sputnik Кыргызстан ондогон өлкөлөрдө мультимедиалык хабдары бар эл аралык маалымат агенттиги жана радиосунун бир бөлүгү болуп саналат. Sputnik өз карамагына 30дан ашуун тилде жарык көргөн сайттарды, аналогдук жана санарип радиоберүү, мобилдик тиркемелерди, жана социалдык тармактагы баракчаларды камтыйт. Катталуучулар үчүн жаңылыктар англис, араб, испан жана кытай тилдеринде жарыяланат.

Жаңылыктар түрмөгү
0