21:47 21 Аяк оона 2017
Түз эфир
МАРАЛ FM: Sputnik Кыргызстан жылдын мыкты ЖМКсы аталды

МАРАЛ FM: Sputnik Кыргызстан жылдын мыкты ЖМКсы болду

© Sputnik / Жоомарт Ураимов
Пресс-релиздер
Кыскача шилтеме алуу
18650

"Жылдын мыкты ЖМКсы" номинациясында КТРКнын "Биринчи радиосу", super.kg, akipress.org сыяктуу өлкөнүн медиа мейкиндигиндеги лидер маалымат порталдар ат салышкан.

БИШКЕК, 21-дек. — Sputnik. Sputnik Кыргызстан маалымат агенттиги жана радиосу МАРАЛ FM радиостанциясынын угармандары арасында жүргүзгөн сурамжылоосунун натыйжасында 2016-жылдын мыкты маалымат каражаты деп табылды.

Сурамжылоо биринчи ирет өтүп, коомдук-саясий, маданий, ишкердүүлүк жана спорт тармагында 20 номинация боюнча жүргүзүлгөн. "Жылдын мыкты ЖМКсы" номинациясында КТРКнын "Кыргыз радиосу", akipress.org, 24.kg сыяктуу өлкөнүн медиа мейкиндигиндеги лидер маалымат порталдар ат салышкан.

  • Sputnik Кыргызстан маалымат агенттиги жана радиосу МАРАЛ FM радиостанциясынын угармандары арасында жүргүзгөн сурамжылоосунун натыйжасында 2016-жылдын мыкты маалымат каражаты деп табылды.
    Sputnik Кыргызстан маалымат агенттиги жана радиосу МАРАЛ FM радиостанциясынын угармандары арасында жүргүзгөн сурамжылоосунун натыйжасында 2016-жылдын мыкты маалымат каражаты деп табылды.
    © Фото / Туменбай Абдинаби уулу
  • Сурамжылоо биринчи ирет өтүп, коомдук-саясий, маданий, ишкердүүлүк жана спорт тармагында 20 номинация боюнча жүргүзүлгөн.
    Сурамжылоо биринчи ирет өтүп, коомдук-саясий, маданий, ишкердүүлүк жана спорт тармагында 20 номинация боюнча жүргүзүлгөн.
    © Фото / Туменбай Абдинаби уулу
1 / 2
© Фото / Туменбай Абдинаби уулу
Sputnik Кыргызстан маалымат агенттиги жана радиосу МАРАЛ FM радиостанциясынын угармандары арасында жүргүзгөн сурамжылоосунун натыйжасында 2016-жылдын мыкты маалымат каражаты деп табылды.

Sputnik Кыргызстан агенттигинин жетекчиси Елена Череменина Кыргызстандын медиарыногу күчтүү оюнчулардан турган олуттуу аянтча экенин белгилеп, кесиптештерге мыкты сурамжылоо уюштурганы, ал эми окурмандарга колдоосу үчүн ыраазычылык билдирди.

МАРАЛ FM радиостанциясы МАРАЛ ТВ телерадиокорпорациясынын курамына кирип, 2012-жылдын январь айынан бери күнү-түнү обого чыгып келет. Негизинен маалыматтык-аналитикалык, тил, маданий жана агартуучулук жатта берүүлөр даярдалат.

Sputnik Кыргызстан өз ишин 2014-жылдын декабрь айында баштаган. Агенттиктин активинде кыргыз жана орус тилдериндеги маалымат порталы, радиоресурс жана жогорку технологиялык мультимедиалык маалымат борбору бар. Sputnik Кыргызстан өлкөдөгү интернет ЖМКлардын ичинен алдыңкы катарды ээлейт.

Sputnik Кыргызстан ондогон өлкөлөрдө мультимедиалык хабдары бар эл аралык маалымат агенттиги жана радиосунун бир бөлүгү болуп саналат. Sputnik өз карамагына 30дан ашуун тилде жарык көргөн сайттарды, аналогдук жана санарип радиоберүү, мобилдик тиркемелерди, жана социалдык тармактагы баракчаларды камтыйт. Катталуучулар үчүн жаңылыктар англис, араб, испан жана кытай тилдеринде жарыяланат.

Тема боюнча

Sputnik 360: Кыргызстандагы башкы балатынын жанышы
Бишкектен сатып алынып, лабораторияга берилген бургер. Sputnik иликтөөсү
Белгилер:
радио, маалымат, сыйлык, МАРАЛ FM радиостанциясы

ЭҢ МААНИЛҮҮ