Сурамжылоо Евробиримдиктин ичинен ири сандагы евроскептиктерди аныктады

© Sputnik / Алекс Макнотон / Медиабанкка өтүүЕвробиримдиктин желегин көтөргөн адам. Архив
Евробиримдиктин желегин көтөргөн адам. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Сурамжылоо IFop компаниясы тарабынан 22-26-октябрь күндөрү жүргүзүлгөн.

БИШКЕК, 1-дек. — Sputnik. Sputnik.Пикирлер сурамжылоосуна ылайык, европа элинин басымдуу бөлүгү мамлекети Европабиримдигинен чыгуусу үчүн референдум өткөрүүгө ыктай турганын билдиришкен. Мисалы, Италиянын 53 пайызы референдум өткөрүү керек деген ойдо. Андан кийинки орунда Франция (47%), Германия (43%), Испания (39%) жана Польша (38%) турат. Сурамжылоо Sputnik маалымат агенттиги жана радиосу үчүн Ifop компаниясы тарабынан жүргүзүлгөн.

Европалыктардын канчасы Евробиримдиктен чыгуу боюнча референдум өткөрүүнү колдойт?
Европалыктардын канчасы Евробиримдиктен чыгуу боюнча референдум өткөрүүнү колдойт? - Sputnik Кыргызстан
Европалыктардын канчасы Евробиримдиктен чыгуу боюнча референдум өткөрүүнү колдойт?

Ошол эле учурда "өлкөңүздөрдө ЕБден чыгуу үчүн Британиянын мисалындагыдай референдум өтүшүн каалайсызбы?" деген суроого поляктардын 62%ы, испандардын 61%ы, немистердин 57%ы, француздардын 53 жана италиялыктардын 47%ы "жок" деген жооп беришкен. Мында референдум өткөрүүнү колдой тургандардын саны 2016-жылдын июлуна караганда өскөнү байкалат.

Сурамжылоо IFop компаниясы тарабынан 22-26-октябрь күндөрү жүргүзүлгөн. Ага Франция, Германия, Испания, Италия жана Польшадан 18 жаштан улуу 5019 киши катышкан. Алар жынысы, жаш курагы жана жашаган аймагы боюнча тең салмакта каралды.

Sputnik.Пикирлер долбоору тууралуу

Предварительные итоги голосования на выборах президента США - Sputnik Кыргызстан
Сурамжылоо: америкалык ЖМКлар президенттик шайлоону бир тараптуу чагылдырган
Коомдук пикирди иликтөө боюнча эл аралык долбоор өз ишин 2015-жылдын январь айында баштаган. Долбоорго Populus, Ifop жана forsa компаниялары өнөктөш болуп келет. Анын алкагында Европа менен АКШ тургундарынын арасында актуалдуу делген социалдык жана саясий маселелер боюнча сурамжылоо жүргүзүлүп турат. 

Sputnik (sputniknews.com) – ондогон өлкөдө жайгашкан мультимедиалык маалымат хабдары бар маалымат агенттиги жана радиосу. Sputnik өзүнө 30 тилден ашуун жазылган сайттарды, аналогдук жана санарип радиоберүү, мобилдик тиркеме жана социалдык тармактардагы баракчаларды камтыйт. Sputnik агенттигинин жаңылык түрмөгү күнү-түнү англис, испан жана кытай тилдеринде жарык көрөт.

Жаңылыктар түрмөгү
0