Америкалыктардын президенттик шайлоо системасына ичи чыкпайт

© Sputnik / Джина Мун / Медиабанкка өтүүСторонники Демократической партии США. Ночь после выборов
Сторонники Демократической партии США. Ночь после выборов - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Сурамжылоо Sputnik маалымат агенттиги жана радиосунун тапшырыгы менен TNS UK изилдөө компаниясы тарабынан жүргүзүлгөн.

БИШКЕК, 10-ноя. — Sputnik. Sputnik Пикирлер сурамжылоосуна ылайык, америкалыктардын басымдуу бөлүгү (60%) АКШдагы шайлоо системасын өзгөртүүнү каалайт. Ал эми дээрлик тең бөлүгү "бир адам — бир добуш" системасына өтүү керек деген пикирде. 

Сурамжылоо Sputnik маалымат агенттиги жана радиосунун тапшырыгы менен TNS UK изилдөө компаниясы тарабынан жүргүзүлгөн. 

Америкалыктар учурдагы шайлоо системасын өзгөртүүнү каалайбы?
Америкалыктар учурдагы шайлоо системасын өзгөртүүнү каалайбы? - Sputnik Кыргызстан
Америкалыктар учурдагы шайлоо системасын өзгөртүүнү каалайбы?

"Учурдагы АКШнын добуш берүү системасы канааттандырабы?" деген суроого америкалыктардын 15 пайызы шайлоонун азыркы системасы менен "бир адам — бир добуш" системасынын айкалышкан түрүн пайдаланууга ык коерун билдирген. Ал эми элдин 22 пайызы гана система ушу таптагы абалында калышы зарыл деп эсептесе, 16 пайызы "билбейм" деп жооп берип, дагы 2 пайызы башка варианттарды сунуштады.

АКШ президенти 538 эл шайлаган өкүлдөн турган Коллегия тарабынан шайланат. Ар бир штаттан дайындалган өкүлдөрдүн саны Конгресстин сенаторлору менен депутаттарынын санына шайкеш келиши кажет. Президенттикке талапкер аталган өкүлдөрдүн 270 добушуна ээ болушу зарыл.

Сурамжылоо Sputnik маалымат агенттиги жана радиосунун тапшырыгы менен TNS UK изилдөө компаниясы тарабынан 3-7-ноябрь күндөрү АКШда жүргүзүлгөн. Ага 18 жаштан 64 жашка чейинки 1012 адам катышкан. 

Sputnik.Пикирлер долбоору тууралуу

Митинг против избрания Дональда Трампа в Нью-Йорке - Sputnik Кыргызстан
АКШнын ири шаарларында Трампка каршы митингдер өтүп жатат
Коомдук пикирди иликтөө боюнча эл аралык долбоор өз ишин 2015-жылдын январь айында баштаган. Долбоорго Populus, Ifop жана forsa компаниялары өнөктөш болуп келет. Анын алкагында Европа менен АКШ тургундарынын арасында актуалдуу делген социалдык жана саясий маселелер боюнча сурамжылоо жүргүзүлүп турат.

Sputnik (sputniknews.com) – ондогон өлкөдө жайгашкан мультимедиалык маалымат хабдары бар маалымат агенттиги жана радиосу. Sputnik өзүнө 30 тилден ашуун жазылган сайттарды, аналогдук жана санарип радиоберүү, мобилдик тиркеме жана социалдык тармактардагы баракчаларды камтыйт. Sputnik агенттигинин жаңылык түрмөгү күнү-түнү англис, испан жана кытай тилдеринде жарык көрөт.

Жаңылыктар түрмөгү
0