Sputnik Минск шаарында мультимедиялык маалымат борборун ачты

© SputnikГенеральный директор МИА "Россия сегодня" Дмитрий Киселев на открытии пресс-центра Sputnik в Минске
Генеральный директор МИА Россия сегодня Дмитрий Киселев на открытии пресс-центра Sputnik в Минске - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Аталган борбор ар кыл форматтагы иш-чараларды — түз алып көрсөтүүлөрдөн баштап дүйнөнүн бардык өлкөлөрүнөн видео көпүрөлөрдү уюштурууга ылайыкталган.

БИШКЕК, 7-апр. — Sputnik. Sputnik эл аралык маалымат агенттиги жана радиосу Минск шаарында мультимедиялык маалымат борбор ачты.

Белоруссия менен Россиянын ортосундагы стратегиялык өнөктөштүк боюнча алгачкы макулдашуусунун 20 жылдыгына арналган иш-чаранын ачылыш салтанатына Белоруссиянын маалымат министри Лилия Ананич, Россиянын аталган өлкөдөгү элчиси Александр Суриков жана "Россия сегодня" медиатобунун башкы директору Дмитрий Киселев катышты. Азем Москва жана Минск шаарларынын ортосунда видео көпүрө форматында өттү.

Sputnik маалымат агенттигинин логотиби. Архив - Sputnik Кыргызстан
Sputnik Латвия .com домени менен иштей баштады
Тараптар интеграция жана эки өлкөнүн маалыматтык өнөктөштүк маселесин талкуулап, аталган борбордун ачылышы мамилелерди жакшыртууга өбөлгө болорун белгилешти. 

Белоруссиядагы мультимедиялык маалымат борбору — заманбап маалымат аянтчасы болуп, ар кыл форматтагы иш-чараларды — түз алып көрсөтүүлөрдөн баштап дүйнөнүн бардык өлкөлөрүнөн видео көпүрөлөрдү уюштурууга ылайыкталган. 40 орундуу зал, маалыматты алуу жана жөнөтүү инфраструктурасы жана синхрондук котормо үчүн бардык шарттар түзүлгөн.

Sputnik (sputniknews.com) — ондогон өлкөлөрдө мультимедиялык маалыматтык хабдарга ээ маалымат агенттиги жана радио. Sputnik өзүнө сайттарды, аналогдук жана санарип радиоберүү, социалдык тармактарда баракчаларды камтыйт. Sputnik маалымат түрмөгүнө жазылгандар үчүн англис араб, испан жана кытай тилдеринде кабарлар күнү-түнү жаңыланып турат.

Жаңылыктар түрмөгү
0