Открытие редакционного центра Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан, 1920, 20.12.2021
Пресс-борбор

"ЖК той менен тажиянын шартын катаалдатууну көздөөдө. Коом даярбы?" тегерек столу

© Sputnik / Табылды КадырбековРесторан. Архив
Ресторан. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 27.05.2021
Жазылуу
Иш-чара 27-май күнү саат 11:00дө Sputnik Кыргызстан агенттигинин маалымат борборунда онлайн-форматта өтөт. Түз эфир Sputnik редакциясынын Facebook баракчасы аркылуу көрсөтүлөт.
Кыргызстанда той, маараке, куран окутуу сыяктуу иш-чараларды тартипке келтирип, айрым чектөөлөрдү киргизүү пландалып жатат. Жогорку Кеңештин сайты аркылуу "Үлпөт той, маараке салтанаттарын, көмүү ырым-жырымдарын жана маркумдун элесине арналган иш-чараларды өткөрүүнү тартипке келтирүү жөнүндө" мыйзам долбоору коомдук талкууга коюлган.
Демилгечилердин түшүндүрмөсүнө караганда, акыркы жылдары мындай иш-чараларды өткөрүүдө мактануу, өзүн көрсөтүү, ашыкча коромжулук сыяктуу терс көрүнүштөр жана кемчиликтер кездешүүдө. Мындан тышкары, айрым жарандар мындай иш-чараларды өткөрүү үчүн каражатты карызга алып, төлөп бериш үчүн миграцияга кетип жатышат. Ошондой эле кошуналар жана туугандар тарабынан сын-пикирден кутулуунун бирден-бир жолу катары кабыл алууда.
Тегерек столдун катышуучулары:
  • Мозгачева Виктория Андреевна — вице-мэр;
  • Ормонов Улукбек Зулпукарович — Жогорку Кеңеш депутаты, мыйзамдын демилгечиси;
  • Токтогазы уулу Бактияр — Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгынын фатва бөлүмүнүн адиси;
  • Мураталиев Мелис Казакбаевич — кыргыз таануучу;
  • Ниязов Келдибек — КР эл артисти;
  • Ороскулов Адилет Мусаевич — Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин Маданиятты өнүктүрүү башкармалыгынын адиси.
Жаңылыктар түрмөгү
0