Открытие редакционного центра Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан, 1920, 20.12.2021
Пресс-борбор

"Уурдалып, өлтүрүлгөн кыздар: бийлик аларды кантип коргойт" аттуу тегерек стол

© Sputnik / Табылды КадырбековКыз телефон менен отурат. Иллюстративдик сүрөт
Кыз телефон менен отурат. Иллюстративдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 19.05.2021
Жазылуу
Иш-чара 19-май күнү саат 11:00дө Sputnik Кыргызстан агенттигинин маалымат борборунда онлайн-форматта өтөт. Түз эфир Sputnik редакциясынын Facebook баракчасы аркылуу көрсөтүлөт.
Бир нече убакыт мурда уурдалып, өлтүрүлгөн Айзада Канатбекованын окуясы коомчулуктун үрөйүн учурду. Кыргызстандыктар адамдын уурдалып жатканы видеого түшүп калганына карабай милиция анын өлүмүн алдын ала албаганына нааразы болушту.
7-май күнү Лебединовкада Изят Курбанова аттуу дагы бир кыз уурдалды. Бул дагы эл арасында бир топ кайчы пикирлерди жаратты.
Президент Садыр Жапаров мындай жоруктарга карата жазаны күчөтүүнү, ал үчүн мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүүнү тапшырды.
Маселени тегерек столдун катышуучулары талкуулашат:
  • өкмөт аппаратынын өкүлү;
  • Урмат Карыпбекович Карыпбеков — Башкы прокуратуранын башкармалыгынын улук прокурору;
  • Нурлан Курманбекович Исмаилов — Ишки иштер министрлигинин Коомдук коопсуздук кызматынын жетекчисинин орун басары;
  • Мелис Казакбаевич Мураталиев — кыргыз таануучу;
  • Нурай Таалайбековна Маматова — ПРООНдун Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнүн гендердик маселелер боюнча адиси, "Луч света" долбоорунун координатору;
  • Назира Абдырахмановна Сатывалдиева — БУУнун калк фондунун (ЮНФПА) гендердик маселелер боюнча адиси, "Луч света" долбоорунун координатору;
  • Бүбүсара Рахматовна Рыскулова — "Сезим" кризистик борборунун жетекчиси, психолог;
  • Кубаныч Жаныбекович Абакиров — Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын аналитика бөлүмүнүн жетекчиси;
  • Айнуру Тойчиевна Алтыбаева —Жогорку Кеңештин депутаты;
  • Гүлшан Кушбековна Абдылдаева — Билим берүү жана илим министрлигинин Мектепте жана мектептен тышкаркы билим берүү башкармалыгынын башкы адиси;
  • Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин өкүлү;
  • Асел Алишеровна Рысбаева — Айзада Канатбекованын жакындарынын кызыкчылыгын коргогон адвокат, Бишкек жана Чүй адвокаттар коллегиясынын мүчөсү.
Жаңылыктар түрмөгү
0