Открытие редакционного центра Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан, 1920, 20.12.2021
Пресс-борбор

Кыргызстанда катуу жер титирөө болобу? Адистин жообу

© AFP / TED ALJIBEСейсмограф аппаратынын көрсөткүчү. Архив
Сейсмограф аппаратынын көрсөткүчү. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 15.04.2021
Жазылуу
Кыргызстанда маал-маалы менен күчү анчалык чоң эмес жер титирөөлөр катталып турат. Акыркы он жылдыктардагы ири жер титирөө 2008-жылдын октябрь айында Ош облусунда болгон.
БИШКЕК, 15-апр. — Sputnik. Кыргызстан катуу жер титирөө боло турган аймактарга кирет. Бул тууралуу жер титирөө боюнча Москва — Бишкек — Ереван — Нур-Султан — Тбилиси шаарларынын ортосундагы видеокөпүрө учурунда Россиянын Илимдер академиясына караштуу Жер силкинүүнү прогноздоо жана математикалык геофизика институтунун директору Петр Шебалин билдирди.
Журналисттер ага "Кыргызстанда жакын арада катуу жер силкинүү болушу мүмкүнбү?" деген суроо беришти.
"Кыргызстанда качандыр бир кезде катуу жер титирөө болору толук ыктымал. Анткени өлкө тарыхында кыйроолорго алып келген жер титирөөлөр болгон. Бирок андан коркуунун кереги жок. Болгону жердин силкинүүсү прогноздолгон аймактардын жашоочулары өзүн туура алып жүрүү эрежелерин билип алганы жакшы", — деди адис.
Бирок ал жер титирөөнүн күчү канча баллга жетиши мүмкүн экенин айткан жок.
Эмне үчүн жер титирөөлөр болот
Кыргызстанда маал-маалы менен күчү анчалык катуу эмес жер титирөөлөр катталып турат. Акыркы он жылдыктардагы ири жер титирөө 2008-жылдын октябрь айында Ош облусунда болгон. Күчү сегиз баллга жеткен жердин силкинүүсүнөн Нура айылындагы 70тен ашуун киши көз жумган. Алардын ичинен 40тан ашыгы кичине балдар болгон.
150гө чукул турак жай талкаланган силкинүү Өзбекстан менен Тажистанда дагы сезилген.
Жаңылыктар түрмөгү
0