Открытие редакционного центра Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Пресс-борбор

Россия Кыргызстандын аймагында "Спутник V" вакцинасын чыгарууга даяр

© Sputnik / Абзал Калиев / Медиабанкка өтүү"Спутник V" вакцинасына чыгаруу. Архив
Спутник V вакцинасына чыгаруу. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Россия Кыргызстандын аймагында "Спутник V" вакцинасын жасоого даяр экени Москвада өткөн ЕАЭКтин жыйынында Путин тарабынан айтылган. Муну Россиянын өнөр жай жана соода министри Денис Мантуров да ырастаган.
БИШКЕК, 26-янв. — Sputnik. Россия коронавируска каршы "Спутник V" вакцинасын Кыргызстандын аймагында чыгарууга даяр. Бул тууралуу Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасы Жыргалбек Сагынбаев билдирди.
Анын айтымында, кыргыз делегациясы Жогорку евразиялык экономикалык кеңештин отурумуна катышуу үчүн Москва шаарына барып, Россиянын өкмөт мүчөлөрү жана инвесторлор менен жолуккан. Жыйын учурунда Владимир Путин Россия ЕАЭБдин бардык өлкөлөрүндө вакцина өндүрүшүн ачууга даяр экендигин айткан. Андан кийин муну Россиянын өнөр жай жана соода министри Денис Мантуров дагы ырастаган.
"Эгерде Кыргызстан техникалык мүмкүнчүлүктөрү, тиешелүү шаймандары бар компанияны аныктаса, анда Россия комиссия жиберип, чечим кабыл алууга даяр экенин билдирди", – деди Сагынбаев.
Предложение рассмотрения производства вакцины от коронавируса Спутник V в КР - Sputnik Кыргызстан
Кыргыз тарап Россияга "Спутник V" вакцинасын өлкө аймагында өндүрүүнү сунуштады
Вакцина өндүрүүчү компанияны Россиянын Өнөр жай жана соода министрлиги тандайт. Талапкерлерди Кыргызстандын Мамлекеттик өнөр жай комитети сунуштайт. Айрым талапкер болгон компаниялар буга чейин министрлик менен сүйлөшүүлөрдү өткөргөн. Каржы маселесин Россиянын Өнөр жай жана соода министрлиги жана компания чечет, ал эми кыргыз өкмөтү шарт түзүп бериши керек.
Сагынбаев вакцинаны өндүрүү препараттын жеткиликтүүлүгүн гана камсыз кылбастан, жумуш орундарын да түзөрүн, ошондой эле вакцина өндүрүү жаатындагы өлкөдө алгачкы тажрыйба болорун белгилеген.
Жаңылыктар түрмөгү
0