Открытие редакционного центра Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Пресс-борбор

"Кыргызстан 1-сентябрда китепсиз калышы мүмкүн" аттуу тегерек стол

© Sputnik / Алексей Куденко / Медиабанкка өтүүИздательство "Просвещение"
Издательство Просвещение - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
"Кыргызстан 1-сентябрда китепсиз калышы мүмкүн. Көйгөйдү чечүү жолдору" аталышындагы тегерек столго чакырабыз.

Иш-чара 3-март күнү саат 11:00дө Sputnik Кыргызстан агенттигинин маалымат борборунда өтөт.

Атамекендик китеп чыгаруучулардын айтымында, буга чейинки окуу китептерине байланыштуу чуулар, укук коргоо органдарынын текшерүүлөрү жана мурдагы министр Гүлмира Кудайбердиеванын иштен алынышы бул жатта абалды бир топ кыйындатып койду.

Билим берүү жана илим министрлигинен билдиришкендей, китеп боюнча автордук укукту басмаканаларга берүү жана китептин сапатын жакшыртуу боюнча жобо иштелип чыккан. Учурда ал коомдук талкууда.

Тилекке каршы, учурда басмаканалардын абалы жакшырган жок, алар чыгым тартып, жабылып калып жатат. Андыктан жаңы окуу жылында окуучулар башка мамлекетте жазылып, басылып чыккан китептерге күнү түшүшү мүмкүн.

Жаңы документ кырдаалды жөнгө сала алабы? Негизи эле министрлик аталган коркунучту жокко чыгаруу үчүн кандай иштерди кылып жатат? Ушул жана башка суроолорго тегерек столдун катышуучулары жооп берет.

  • ЖУСУПОВА Назгүл Кеңешбековна — Башкы прокуратуранын Коррупцияга каршы аракеттенүү жана социалдык чөйрөдө балдар укугун коргоо боюнча мыйзамдардын аткарылышын көзөмөлдөө бөлүмүнүн прокурору;
  • АТАБИЕВ Аслан Хусеевич — Башкы прокуратуранын Коррупцияга каршы аракеттенүү жана социалдык чөйрөдө балдар укугун коргоо боюнча мыйзамдардын аткарылышын көзөмөлдөө бөлүмүнүн башчысы;
  • СТРОКОВА Евгения Григорьевна — Жогорку Кеңештин депутаты;
  • ЖУСУПБЕКОВА Надира Сынташевна — билим берүү жана илим министринин орун басары;
  • Финансы полициясынын өкүлү;
  • ЛОСНИКОВА Назгүл Азатбековна — өкмөт аппаратынын билим берүү, маданият жана спорт бөлүмүнүн адиси;
  • НОВИКОВ Станислав Игоревич — "Полиграфбумресурсы" типографиясынын директорунун орун басары;
  • ДАУТАЛИЕВА Анара Зарылбековна — "Таза табигат" коомдук бирикмесинин башчысы;
  • "Полиграфбумресурсы" басмаканасынын өкүлү;
  • СУЛТАНОВ Мырза Тургунбаевич — "Имак Офсет" басмаканасынын директору;
  • ЖАПАРОВА Бегайым Бакасовна — "Кут аалам" басмаканасынын башкы директору;
  • БОНДАРЕНКО Олег Ярославович — Кыргызстандын китеп чыгаруу жана таркатуу ассоциациясынын аткаруучу директору;
  • СУЛТАНОВА Гүлмира Кеңешовна — Дүйнөлүк банктын Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнүн билим берүү боюнча адиси;
  • ТЕРЕНТЬЕВ Евгений Александрович — "Аркус" басмаканасынын маалымат-методикалык борборунун директору.
Жаңылыктар түрмөгү
0