Открытие редакционного центра Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Пресс-борбор

"Финполдун бензинди жетишсиз куюу боюнча ири иликтөөсү" аттуу маалымат жыйын

© Sputnik / Константин Михальчевский / Медиабанкка өтүүАвтозаправочная станция в Крыму
Автозаправочная станция в Крыму - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Иш-чара 6-февраль күнү саат 11:00дө Sputnik Кыргызстан агенттигинин мультимедиалык маалымат борборунда өтөт. Маалымат жыйында Экономикалык кылмыштуулукка каршы мамлекеттик кызматынын ири иликтөөсү жөнүндө сөз болот.

Катышуучулар Бишкектин кайсы май куюучу жайларында бензинди жеткирбей куюп, сапатсыз май сатышарын айтып беришет. Ошондой эле Финпол менен башка мамлекеттик органдар кандай чара көрүшөрү тууралуу маалымат берилет.

Катышуучулар:

  • АЛИЕВ Рамис Алиевич — Финполдун борбордук аппаратынын өкүлү;
  • МАМБЕТОВ Айбек Кубанычбекович — Финполдун борбордук аппаратынын тергөөчүсү;
  • Жогорку Кеңештин депутаттары;
  • ЖУКУШЕВ Төрөбай Кубанычбекович — Мамлекеттик экологиялык жана техникалык көзөмөл инспекциясынын Метрологиялык көзөмөл башкармалыгынын башкы инспектору;
  • НУРМАТОВ Болотбек Асанович — Бишкектеги текшерип көрүү, метрология жана сертификациялоо борборунун жетекчисинин орун басары.

Sputnik Кыргызстан агенттигинин мультимедиалык маалымат борборунун дареги: Бишкек шаары, Эркиндик проспектиси, 46 (Чүй проспектиси менен кесилишет). ЖМКларды каттоо жеринен, редакциялык күбөлүк менен жүргүзүлөт.

Маалымат борбордо боло турган иш-чара тууралуу кошумча маалыматты +996 312 98-60-27, +996 312 98-69-47 телефондору аркылуу алсаңыздар болот.

Sputnik Кыргызстан агенттигинин мультимедиалык маалымат борборунун анонсторун алып туруу үчүн a.valiev@sputniknews.com дарегине жазыңыз.

Жаңылыктар түрмөгү
0