Открытие редакционного центра Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Пресс-борбор

"Жаныбарларды атууга тыюу салуу боюнча мораторий" аттуу тегерек стол

© Sputnik / Алексей Мальгавко / Медиабанкка өтүүЖизнь села Литковка Омской области
Жизнь села Литковка Омской области - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Иш-чара 22-январь күнү саат 11:00дө Sputnik Кыргызстан агенттигинин мультимедиалык маалымат борборунда өтөт.

Урматтуу кесиптештер!

Сиздерди "Жоголуп кетүү коркунучунда: атууга тыюу салуу жөнүндөгү мораторий жаныбарларды коргой алабы?" аттуу тегерек столго чакырабыз.

Тоодон түшкөн эки илбирс тууралуу маалыматтар коомчулукту дүрбөлөңгө салды. Көпчүлүк интернет колдонуучулар бийликтен сейрек жаныбарларды браконьерлерден коргоону талап кылып жатышат. Жарандар Жогорку Кеңеш бир нече жылдан бери кызыл китепке кирген жаныбарларды атууга тыюу салган мыйзам долбоорун кабыл ала албай жатканын белгилешүүдө. Ал эми адистер болсо тыюу салынса кырдаал курчуп кетерин айтып жатышат.

Бийлик сейрек жаныбарларды коргош үчүн кандай чара көрүшү керек? Браконьерлер менен күрөшүүнүн реалдуу жолдору барбы? Мораторий киргизүү зарылбы? Ушул жана башка суроолорду тегерек столдун катышуучулары талкууга алышат:

  • БАКИРОВ Мирлан Исакбекович — Жогорку Кеңештин вице-спикери;
  • БАЙБАКПАЕВ Экмат Журукпаевич — Жогорку Кеңештин депутаты, сейрек жаныбарларды атууга тыюу салуу боюнча мыйзам долбоордун демилгечиси;
  • Өкмөттүн аппаратынын өкүлү;
  • ИСМАИЛОВА Аида Жекшенбаевна — Жогорку Кеңештин депутаты;
  • МАМАШОВА Айсулуу Турусбековна — Жогорку Кеңештин депутаты;
  • МУСАЕВ Алмаз Мустафаевич — Айлана-чөйрөнү коргоо жана токой чарба агенттигинин Биотүрдүүлүктү сактоо департаментинин директору;
  • ДҮЙШӨ уулу Черикти — Аңчылар ассоциациясынын өкүлү;
  • СУЛТАНОВ Жыргалбек Мелисович — NABU уюмунун Кыргызстандагы филиалынын антибраконьердик "Барс" тобунун жетекчиси;
  • Евгений Юрьевич КОТУЛЕВСКИЙ — Чүй облусу жана Бишкек шаары боюнча Аңчылар жана балыкчылар коомдук бирикмесинин төрагасы;
  • КАДЫРОВ Арстан Солтобекович — көз карандысыз адис, аналитик;
  • КИРИЛЕНКО Анна Васильевна — "Биом" экологиялык кыймылдын аткаруучу директору.

Sputnik Кыргызстан агенттигинин мультимедиалык маалымат борборунун дареги: Бишкек шаары, Эркиндик проспектиси, 46 (Чүй проспектиси менен кесилишет). ЖМКларды каттоо жеринен, редакциялык күбөлүк менен жүргүзүлөт.

Маалымат борбордо боло турган иш-чара тууралуу кошумча маалыматты +996 312 98-60-27, +996 312 98-69-47 телефондору аркылуу алсаңыздар болот.

Sputnik Кыргызстан агенттигинин мультимедиалык маалымат борборунун анонсторун алып туруу үчүн a.valiev@sputniknews.com дарегине жазыңыз.

Жаңылыктар түрмөгү
0